Көчмөндөр оюндарына көлөкө түшүргөн учурлар

Ошентип, Кыргызстандын борборунан тарта ар бир айылына чейин жүгүрө чуркап даярданган Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары аяктады.
Sputnik

Оюндар башталары менен карыялардан тарта мектеп окуучуларына чейин ал тууралуу сыймыктанып жазып, айтор социалдык тармактын бетин бербей калды. Бирок, арасында көчмөндөр оюндары учурунда уюштуруу жагына көлөкө түшүргөн сүрөттөр жарыяланып, нааразы пикирлер да айтылды.

Ажаткана "ажиотажы".  Социалдык тармактарда бул тема катуу талкууга алынып, бир катарлары сүрөт жүктөп, акы төлөгөндүгүн айтса, дагы бир катарлары узун кезектегилердин "арманын"  баяндады.

"Кырчында негизги көйгөй ажаткана болууда. Эл тим эле ажатканага Эрмитаж музейиндей кезекке турууда", — деп жазган интернет колдонуучу Эмил Момунов.

Көңүлү көтөрүлгөн көчмөндөр. Бир жумалык тойдун жабылышынан жагымдуу сүрөттөр
Ал эми ага жооп катары "кээ бир чет жактагыларда кезек жокко эсе. Жөн эле баскандан эринебиз да" деген жообун жазган дагы бир колдонуучу.

Эскерте кетсек, Кырчын жайлоосуна ажаткана куруу үчүн мамлекеттен 2,3 миллион сом бөлүнгөн.

Колу туткактардын кордугу. Адегенде эле, оюндар башталган түнү "Кырчын" этношаарчасында Британиянын Астанадагы элчилигинин аскер атташеси Эндрю Холтандын кымбат баалуу фото жана видео камераларын уурдатты. Милиция колу туткактар табыла электигин, издөө иштери уланып жаткандыгын айтты.

Казак журналисти капчыгын уурдатып. 6-сентябрда коңшу Казакстандан келген конок, "Казак гезитинин" журналисти Калдыбек Камбаров 10 миң сомун, 50 миң тенгесин жана документтерин  жоготуп жиберген. Ошол эле Ысык-Көл облусунун  милициясы журналисттин жоголгон оокаттары табылып, ээсине кайтарылгандыгын кабарлады.

Абылгазиев Түркияга Көчмөндөр оюндарынын эстафетасын мөңгү суусу менен тапшырды
Көк бөрүдөн чыккан чыр. Көптөрдү бир эсе таңгалдырып, бир эсе түкшүмөлүн жараткан окуя 2-сентябрда саат 12.30да болду. Красноярск крайынан (Россия) келген оюнчулар менен беттеше турган Казакстандын көк бөрүчүлөрү оюн талаасына чыкпай койду. Жарданып карап турган калың эл түшүнбөй калды. Мунун себебин Казакстандын улакчыларынын курама команданын башкы машыктыруучусу Канагат Сүйбаев уюштуруучулардын аларга ат бербей койгону себеп болду деп түшүндүрдү. Ал эми кыргыз тарап кеп атта эместигин, алар Казакстан командасы тай казанды алып салуу шартын койгондугун билдирди.  Анткен менен  баш тартып жаткан Казакстандын командасы оюнду айтылган жоболорду аткарып, кийинки таймаштарга катышты. Бирок, "башынан атка кыйшык отуруп алган" казакстандык улакчылар арткы орунга илинип, алтын эмес күмүшкө жетпей калып, мекенине коло медаль менен кайтты. Ал арада Казакстандын интернет айдыңында көп сөз болуп, Кыргызстандан кайтып барган команданы чекесинен сылабай турган пикирлер айтылууда. Ал туурасында кеп кийинки материалда болмокчу.

Ал эми жыйынтык катары айтсак, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары көп күч, эмгек жана мээнет менен уюштурулуп, татыктуу түрдө Түркияга өткөрүп берилди. Бизге тааныш эмблеманы миңдеген чакырым алыстыкта жайгашкан башка бир мамлекеттен көрүп, кыргызстандык оюнчулар үчүн күйөрмандык кыла турган эки жыл деле алыс эмес.