Антонина Шевченконун UFC уюмундагы алгачкы атаандашы белгилүү болду

Антонина Шевченко быйыл июнда UFC лигасынын "Дана Уайттын талапкерлери" аталышындагы тандоо турниринде америкалык Жаймелин Ньеверону утуп алган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченконун бир тууган эжеси Антонина UFC уюмундагы алгачкы беттешин өткөрө тургандыгын спорттук MMA Fighting басылмасы жазып чыкты. 

Дүйнөнү дүңгүрөткөн Валентина Шевченко тууралуу 10 факты
Мушкердин эң жеңил салмактагы (57 кг) кармашы 30-ноябрда TUF 28 Finale турниринин алкагында Лас-Вегаста өтөт. Октагондо "Пантера" каймана атын алган Антонина Шевченконун атаандашы африкалык Эшли Эванс-Смит болмокчу

Шевченко быйыл июнда UFC лигасынын "Дана Уайттын талапкерлери" аталышындагы тандоо турниринде америкалык Жаймелин Ньеверону утуп алгандан кийин келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк алган

Ал муну менен UFC уюмунун ат салышкан экинчи кыргызстандык болду. Сиңдиси Валентина Шевченко чемпиондук наам үчүн беттеш өткөрүү алдында турат

Эже-сиңди бирдей салмакта (57 кг) күч сынашып келет. Валентина редакцияга берген маегинде "биз эч качан бири-бирибизге каршы беттешпейбиз" деп айткан