Көйкөлгөн кыздар, балпайган байбичелер. Кыргыздын көз талдырган кийимдери сүрөттө

Sputnik

Чынында эле чоң жайыктагы кыргыз журтун сүрөттөгөн Кырчын IXX кылымдагы жашоо-турмушту эске салат. Кыргыздын улуттук кийиминен кабары жоктор, ушул жерден көрүп суктанып бүтө албай турган чагы. Шөкөттөп кийингендердин басымдуу бөлүгү аялдар. Алар кийимине эле эмес, чач жасалгасына да өзгөчө көңүл буруп чырайына чыкканын көрүүгө болот. 

Жаш жигит Кырчындан бактысын таап, өзгөчө той өткөрдү. Видео
Улуттук кийимчен жүргөн бир эле кыргыздар эмес, башка өлкөнүн жарандары да түрдүү кийим-кечелери менен элдин көңүлүн бурат. 

Бул сүрөт түрмөгүнөн сиз өзгөчө кийими менен Кырчындагы элдин назарына түшкөндөрү көрө аласыз. Ал эми ажайып кыргыз айылын эки мүнөттүн ичинде көргүңүз келсе бул жакка баш багыңыз

1 / 15
Көчмөн элдин жашоосун чагылдырган “Кырчын” этно шаарчасынан шөкөттөп кийип келген улуттук кийим-кечелерди көрө аласыз
2 / 15
Эгер кимдир бирөө сизге кыргыздардын улуттук кийими жупуну десе ушул сүрөттү көрсөтүп коюңуз
3 / 15
Кооз кийинген кыз-келиндер өздөрү жасаган жана чебер, усталардын эмгегинен жаралган сувенирлерди сатууда
4 / 15
Мурда кыз-келиндер тулку боюн түз кармап жүрүү үчүн ушундай кийимдерди кийишкен
5 / 15
Кесипкөй модель кыздар элечек кийип жүрсө да чачын көмүскөдө калтырбай көркөмүнө келиштирип майда өрүп алганын байкадыңыбы?
6 / 15
Элечек — кыргыздардын улуттук баш кийими. Аны аялзаты турмушка чыккандан кийин кийген. Элечек 50 метрге чейинки кездемеден оролуп жасалгандыктан, көчүп-конуп жолдо жүргөндө бала төрөлсө учун кесип ороп же адам каза болсо кепин катары колдонушкан
7 / 15
Улуттук кийимчен жүргөндөрдүн арасынан бир гана кыргыздарды эмес, башка өлкөнүн жарандарынын да кезиктире аласыз
8 / 15
Венгерлердин улуттук колориттеги кийими чыныгы көчмөндөрдүн жүзүн көрсөткөндөй болду
9 / 15
Курал-жарыгын тагынып, булгары өтүк жана соот кийип жоого бара жаткан жоокерлер
10 / 15
Памир кыргыздары жөнүндө окуп билип жүрсөңүз, бул сүрөттө кимдер көрсөтүлгөнүн жазбай тааныйсыз
11 / 15
Элечекчен апалар боз үйдүн алдына отуруп алып, жаштыгын эстеп чер жаза ырдашты
12 / 15
Шөкүлөнү чоң турмушка аттанып жаткан кыздарга кийгизишкен.
13 / 15
Балпайган байбиче ат боз атты минип эл-журттан кабар алганы баратканда
14 / 15
Жаргылчак тарткан апалар. Илгери тегирмен чыга электе буудайды ушул буюмдун жардамы менен тартып нан кылып жешкен.
15 / 15
Мунун баарын жеринен көрсөңүз эмоцияңыз ичиңизге батпай, жакшы тааси аларыңыз шексиз.