Казакстандын көк бөрүчүлөрү алган атын минип ипподромдо машыгышты. Видео

Кечээ Казакстандын улакчылары белгисиз себептер менен оюнга чыкпай койгон.
Sputnik

ЧОЛПОН-АТА, 4-сен. — Sputnik. Казакстандын көк бөрү бюнча командасы бүгүн түштөн кийин оюн талаасына чыгып машыгуу өткөрдү. Бул туурасында Көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Саматов: казак көк бөрүчүлөрүнө аттарды келээри менен бергенбиз
Эскерте кетсек, буга чейин Казакстандын командасы оюнга чыгуудан баш тартып, башкы машыктыруучу Каганат Сүйбаев команда кыргыз тарап берген аргымактарга алымсынбай мелдешке чыкпаганын түшүндүргөн

Ал эми Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов коңшу өлкөнүн оюнчуларына келери менен эле ат берилгенин, болгону алар негизсиз шарттарды коюп жатканын билдирген. 

Казакстан командасынын башкы машыктыруучу Каганат Сүйбаев аттардын баары купулуна толгонун ырастады.

"Бүгүн аттарды минип көрдүк, баары жакшы экен. Буюрса эртең оюнга чыгабыз. Саат 12.30да Красноярск командасы, түштөн кийин Америкадан келген улакчылар менен беттешебиз", — деди Сүйбаев.

Белгилей кетсек, Көчмөндөр оюндарына келген 10 мамлекеттин тең көк бөрүчүлөрүнө тең уюштуруучулар тарабынан ат берилген. Аты жок келгендердин шарты эске алынып эрежеге атайын ушундай жобо киргизилген.