БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Фразеологизмдер сөздөрдүн таралашына карап, өз ара топторго ажырайт. Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасында түштүк, түштүк-батыш говорлордогу фразеологизмдер тууралуу кеп кылып, алардын адабий тилдеги маанисин сунуштайбыз.
Материалды даярдоого филология илимдеринин кандидаты, БГУнун профессору Жээнкул Жумалиевдин "Азыркы кыргыз тилинин диалекттери" китеби жардам берди.
Башы казак болуу — баш маң болуу
Алайга түшүү — күйөөгө чыгуу
Болуп койду — кызды кудалашып койду
Бир нокоту кем — келесоо, акмак
Кыматы жетүү — көз жумуу
Келте тил — тили кыска
Көзү күйүү — көзү өтүү
Колу жетик — колу жетиштүү
Медеге тийүү — ачуусуна тийүү
Тогуз пулдук пайда жок — эчтеке өнбөйт
Колу бышык — сараң, битир
Пул салбады — макул болбоду
Пулу күйүптүрбү? — сараңдык кылдыбы?
Бир кайнамы ичинде — бир аз кемчилиги, жетишпегени бар
Мойнун көтөрүп калыптыр — бой көтөрүп калыптыр
Көз оорудай болуп чыга калды — капыстан
Башына тартабы? — эмне кылмак эле?
Ат арабасы жок — баш аягы жок
Кулагын көтөр — шыкакта, күүлө
Кулагына окуп кой — жеткире түшүндүр
Тенгени теше сүйлөйт — сөзү курч
Башына камчы бүктөдү — коркутту, үркүттү
Бетин суука салды — каза болду
Мурдун тартып койбоду — тоотподу
Кадамын катыруу — жер жеберине жеткирүү
Жылын төө кылган — бааланган, керсейген
Жылынды төө кылба — ыксыз калп айтпа
Аш-паш дегиче, кемпир шабдалы жалмаганча — а-бу дегиче, көз ачып жумганча
Төбөсүн муздата кой — сазайын бер
Тең бербе — бой бербе
Мээсине палоо басуу — мээсине чай кайнатуу, теңирин таанытуу
Тамагын талга асты — ачка койду, тамак бербеди
Бешенең куник болсо, күзгүдөн өпкөлөбө — өңүң серт болсо башкага таарынба
Жел ооп жүрөт — ачка жүрөт
Шамыйан кайрыба — каяша айтпа
Бөрүнүн көзүн жеген — уйкусуз
Жаагына бычак кайрагыдай — кулагынан күн көрүнөт, өтө арык
Ак чөп башта — жаңылганда айтылчу сөз
Самыныма кир жуудуң беле? — сен мени жакшы биле элексиң
Апсаласы пир болду — көксөсү сууду, көңүлү тынчыды
Илеби жибибейт — эчтекеге жарыбайт
Кеп жеди — кайгырды, капа болду.