Бурулайды ала качкан кишинин атасы көз жумду

65 жаштагы адам көптөн бери ооруп жүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулай Турдалы кызынын өлүмүнө шектелип камакка алынган кишинин атасы каза болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине шектүүнүн агасы билдирди.

Анын айтымында, атасы узак оорудан улам көз жумган.

"Акыркы окуялардан кийин бейтапканалап калган. 2-сентябрда көз жумду, эртеси өзү туулуп өскөн Талас жерине бердик. Быйыл 65 жашка чыккан", — деди агасы.

Эске салсак, 27-майдын түнүндө 30 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. 20 жаштагы Бурулай Турдалы кызы алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн.

Бурулайдын атасы Кожоналиев: качанкыга чейин мансаптуулар бизди басмырлайт?!
20-июнь күнү шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө иштери бүтө элек. Кыздын өлүмү боюнча бир эмес эки жолу соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, анын денесиндеги кескиленип жазылган жазууну эксперттер жокко чыгарып, ал жандандыруу учурунда колдонулган дефибриллятордун изи деп жыйынтык чыгарышкан

Бирок Турдалы Кожоналиев Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде кызынын денесиндеги кескиленип жазылган жазууну өз көзү менен көргөнүн айтып, анын сүрөтүн кабарчыларга да көрсөткөн

11-августта Бурулай 20 жашка толмок

Ал эми 28-августта КР президентине караштуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Турдалы Кожоналиев менен жолугуп, доосун уккан.