БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Индонезияда болгон жайкы Азия оюндарында 20 медалга ээ болду.
Мелдеш 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Паламбанг шаарларында өттү.
Анда кыргызстандын улуттук курама командасынан 100дөй атлет спорттун 26 түрү боюнча күчүн сынады.
Натыйжада, алар Кыргызстандын байге капчыгында 20 медаль алып алып келип берди. Анын экөө — алтын, алтоо — күмүш, 12си — коло болду.
Алтын тагынгандар:
Төрөхан Багынбай уулу — жиу-житсу;
Айсулуу Тыныбекова — эркин күрөш;
Каныбек Жолчубеков — грек-рим күрөшү;
Акжол Махмудов — грек-рим күрөшү;
Мээрим Жуманазарова — эркин күрөш;
Айпери Медет кызы — эркин күрөш;
Амантур Исмаилов — грек-рим күрөшү;
Абдурахманхаджи Муртазалиев — жиу-житсу;
Жолдошбек Акимканов — пенчак силат;
Данияр Токуров — пенчак силат;
Артур Те — дзюдо;
Владимир Золоев — дзюдо;
Азат Усеналиев — бокс;
Ошондой эле курама команда самбо, ушу-саньда, каноэ менен байдаркада сүзүү, жаа атуу, өзбек күрөшү, көркөм жана спорттук гимнастика, карате, велоспорт, футбол, волейбол, фехтование, үстөлдөгү теннис, ат спорту, ок атуу, баскетбол, сууда сүзүү, таэквондо сыяктуу спорттун түрлөрүнөн байгесиз кайтты.