Чолпон-Атага Көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн 500дөй ЖМКнын өкүлдөрү келди

Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи бүгүн саат 20.00дө башталат.
Sputnik

ЧОЛПОН-АТА, 2-сен.— Sputnik. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын 50 өлкөдөн келген жалпыга маалымдоо каржаттарынын (ЖМК) өкүлдөрү чагылдырат. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова маалымат жыйын учурунда билдирди. 

Замминистра Минкультуры КР Айнура Темирбекова

Анын айтымында, ДКОну чагылдыруу үчүн каттоодон өткөн 500 ЖМКнын 250сү Кыргызстандыкы. Учурда жергиликтүү да чет өлкөлүк да журналисттердин баары Чолпон-Атада.

ЖМКлардын катарында New York times, Associated press дүйнөлүк маалымат агенттиктери, CCTV жана Россиянын бир топ телеканалдары бар.

Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи бүгүн саат 20.00дө башталат.