Ырым-жырым жана музыка. Ашыртмалы аба гюрешинин жол-жобосу

Ашыртмалы аба гюреши — түрк элинин улуттук күрөшүнүн бир түрү. Анда буттан чалуу, бел курдан, кийиминен же бир буттан, бел боодон кармап чабуу ыкмалары колдонулат. Таймаш барабан (давул) жана үйлөмө сыяктуу элдик музыкалык аспаптын коштоосу менен өтөт.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыгы, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен биргеликте спортчулар күч сынашчу мелдеш түрлөрүнүн эрежелерин даярдоодо. Бул ирет ашыртмалы аба гюреши менен тааныштырабыз.

Жалпы жобо

Бул күрөш ырым-жырымдарды сактоо жана давул, зурна сыяктуу музыкалык аспаптарынын коштоосу менен көк чөптүн үстүндө болот. Эгер мелдеш кышта же аба ырайынын катаал шартында болсо спорт залдагы күрөш килеминде өткөрүлөт.

Эр болсоң, эми келип көр! Чемпиондор кармашып, көчмөндөрдүн улуу балбаны аныкталат
Ашыртмалы аба гюреши боюнча мелдеш Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарында үч салмак категориясында өтөт. Ал 65 жана 80 килограммга чейинкилер жана абсолюттук салмак категориясы болуп бөлүнөт.

Ар бир күрөш үч бөлүктөн турат, эгер балбан эки бөлүктө утса, жеңүүчү болуп табылат.

Балбандар аба кийимин (чөптөн же текстиль жибинен жасалган атайын кийим), чолок шым кийип жана бел кур байлап чыгышы керек. Күрөштүн аягында балбандар бел курун чечип, андан кийин абаны белгилүү бир жерге коюшат. Бул эрежени сактабагадар жазаланат.

Күрөш төмөнкү учурларда токтотулат:

— Балбандардын бирөөсү күрөш аянтчасынын чегинен чыгып кетсе;

— Бир балбандын бел куру чечилип кетсе;

— Балбандардын бирөө жаракат алса;

Жеңүүчү кайсы учурда аныкталат:

— Атаандашынын далысын жерге тийгизсе;

— Атаандашынын курсагын жерге тийгизсе;

— Кармашты баштаган балбан атаандашынын артына өтүп бел курдан кармап, бирок кайра аны коё берип салса;

— Атаандашын капталга ыргытып, ошол эле учурда саны менен ийинин жерге тийгизсе.

Мелдештен кайсы учурда четтетилет:

Көчмөндөр оюнунда тартууланчу өзбек элинин курашы. Мелдештин жол-жобосу
— Килемге чакырганда үч мүнөткө чейин чыкпай койсо;

— Эрежени одоно бузуп, калыстарга, атаандашына же атаандашынын командасынын өкүлдөрүнө (жетектөөчү, машыктыруучу, анын жардамчысы, расмий өкүлдөр) тоскоол болуп же кол салса.

Спортчулар, жетекчилер, машыктыруучулар жана башка өкүлдөр мелдештин аягына чейин эрежелерге баш ийиши керек.

Мелдештин калыстары жана алардын милдеттери:

Ашыртмалы аба гюреши бир башкы калыс экиден төрткө чейин жетекчи калыстар жана катышуучулардын санына ылайык арбитрлар тескейт.

Мелдеште бир эле учурда үч кармаш өтүп, ар биринде экиден арбитр иштейт. Бирөө күрөштүн жүрүшүн көзөмөлдөсө, экинчиси абаны кийгенди, бел курду байлоого жана аягында формасын чечүүгө жардам берет.

Башкы калыстын милдети:

— Калыстардын ишин көзөмөлдөйт;

— Командалардын нараазычылыгын башка калыстар менен биргеликте баалайт;

— Мелдештин өткөрүлүшү тууралуу отчет даярдайт.

Жетекчи-калыстардын милдети:

— Мелдеште катышкан балбандардын атаандаштарын аныктайт;

— Мелдеш бүткөндөн кийин протоколдорду алып келишет.

Арбитрдын милдетти:

— Балбандардын бел курун байлайт;

Кум үстүндө күрөштүргөн Түштүк Кореянын ссирымы менен таанышыңыз
— Күрөштү башкарат жана жеңүүчүнү аныктайт;

— Башкы калыс менен командалардын нааразычылыгын баалашат.

Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндары 2018-жылдын 2-сентябрында Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда башталат. Мелдештин курамына спорттун 37 түрү кирип, 79 өлкөнүн 2300 спортчусу күч сынашмай болду. Спорттун түрлөрүнө 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген.