Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу кайтып келе баштады

Зыяратчылардын акыры тобу 7-августта Сауд Аравияга учуп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Мекке шаарындагы кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу 28-августтун таңында кайтып келди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Жаннат, сажда, зыярат, зына... Диний сөздөрдүн маани-маңызын билесизби?
Ага ылайык, Сауд Аравиясынан жалпысынан 18 каттам келет, анын ар биринде 300дөн киши болмокчу.

Белгилей кетсек, быйыл кыргызстандык ажыларды Сауд аравиянын Flynas авиакомпаниясы ташыды.

Зыяратчылардын алгачкы тобу 25-июлда Бишкектен учуп кетсе, акыркы тобу 7-августта Ош — Жидда багыты боюнча жөнөп кеткен.