Кызыл жоолук Мадина, көңүлдөш болгон Элина. "Делбирим" киносунан 17 сүрөт

Sputnik

Тасманын негизги бөлүгү Өзбекстандын Ташкент жана Наманган шаарларында, акыркы эпизоддорду Кыргызстандын Балыкчы шаарында бир жарым айда тартылып бүттү. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине тасманын Кыргызстандагы продюсери Паризат Жакыпбекова билдирди.

"Фильмди Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев "Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө" жөнүндөгү токтомуна киргизген. Мындан улам, картинанын чыгымдарынын басымдуу бөлүгүн өзбек тарап көтөрдү. Ал эми сценарийин Кыргызстандын Кино департаментинин көркөм кеңеши жактырып, колдоо көрсөттү. Калганын биздин продюсердик борбор каржылады. Эми техникалык бөлүгүнө дагы акча керектелет. Аны өкмөттөн сурап жатабыз, азырынча жооп келе элек", — деди Жакыпбекова.

"Делбирим" повести жөнүндө 11 факты. Асел - эки жигиттин кызыл жоолук жалжалы эле
Фильмдин сценарийинин автору — жазуучу Керез Зарлыкова. Ал буга чейин "Көпөлөк" жана "Кокуй кошуна" тасмаларынын сценарийин жазган. Режиссерлукту өзбекстандык Сарвар Каримов аркалоодо.

Ильястын ролун белгилүү актер Азиз Ражапов, Байтемирди Улугбек Кадыров ойноду. Эки актер тең Өзбекстандан. Аселдин образын Кыргыз улуттук драма театрынын актрисасы Мадина Талипбек жаратса, Кадичаны Элина Абай кызы аткарды.

Тасманы Өзбек кино улуттук агенттиги менен Кыргызстандын "Дан" продюсердик борбору биргелешип тартууда. Кыргыз, өзбек жана орус тилинде ушул жылдын соңунда жарыкка чыкмакчы.

Тасма тууралуу кененирээк маалыматты продюсер Паризат Жакыпбекова менен болгон маектен окуй аласыздар

1 / 17
"Делбирим" тасмасын тартуу иштери 25-июнда Ташкентте башталган. Кинонун сценарийин Керез Зарлыкова жазса, режиссерлук ишти өзбекстандык Сарвар Каримов алып барды.
2 / 17
Кыргызстандын белгилүү актрисасы Элина Абай кызы терс каармандын ролун аткарып, Кадичанын образын жаратты
3 / 17
Тасманы тартуу иштерин "Өзбеккино" улуттук агенттиги аркалады. Кыргызстандан оператор Нурмухаммед Абдыкалык уулу барган
4 / 17
Илияс менен Аселдин жаңыдан таанышып, жүз көрүшкөн учурундагы ирмем. Илиястын ролун белгилүү актер өзбекстандык актер Адиз Ражапов ойноду. Ал эми Кыргыз улуттук драма театрынын актрисасы Мадина Талипбек башкы каарман Аселдин ролун аткарды
5 / 17
Тасманын айрым эпизоддору Кыргызстандын бермети Ысык-Көлдүн жээгинде дагы тартылды
6 / 17
Элина Абай кызы буга чейин эмне үчүн Аселдин ролун ойнобогонуна түшүндүрмө берген. Анда "Эмне үчүн Асел эмес? Анткени мен бир гана амплуада туруп калгым келбейт. Түрдүү, кызыктуу образдарды жаратып, өсүүнү каалайм. Менин потенциалым толугу менен ачыла элек. Көп нерсени үйрөнүшүм керек", — деп айткан
7 / 17
Кыргызстандык актрисалардын бул тасмага тартылышы коомчулукта терс пикир менен да коштолгон. Мындан улам Элина Абай кызы социалдык баракчасы аркылуу ошол эркектерге кайрылып, жалган патриот болбоого, элди бөлүп-жарбоого чакырган
8 / 17
Сүйүүнүн азабын тартып, илгери үмүтү таш каап Илиясын күтүп отурган Асел
9 / 17
Асел экинчи турмушунда орун-очок алган Байтемирдин үйү
10 / 17
Асел күйөөсү Илияска таарынып кетип баратып жолчунун үйүнө түнөп калат да, эртеси кетүүгө камынат. Байтемир аны кетиргиси келген эмес…
11 / 17
Илияс акыры аялы менен уулуна кайтып келгени менен бирок кеч болуп калган эле…
12 / 17
Мадина Талипбек буга чейин "Дарак ыры", "Махабат", "Кокуй кошуна", "Таиланддагы каникул" (Казакстан) жана башка тасмаларда роль жараткан
13 / 17
Аселдин кийинки турмушу жолдо кезиктирген Байтемир менен башталат
14 / 17
Тасмага өзбекстандык Сарвар Каримов режиссерлук кылды
15 / 17
Элина Абай кызы "Өзбек кинонун" көркөм кеңеши аны Кадичанын ролуна бекиткенин укканда кубануу менен кабыл алганын айтат
16 / 17
"Делбирим" тасмасын тартуу иштери Балыкчы шаарында аяктады. Тасма экранга ушул жылдын аягында чыгарылат.
17 / 17
Кадр сыртында иштеген чыгармачылык топ. Киного Кыргызстандан Паризат Жакыпбекова продюсерлик кылды