Facebook кеңсеси эми укмуш экен! Кыргызстандык кыздын саякаты. Сүрөт

Кызматкерлериң ыраазы болсо, ишиңдин ийгилиги артат. Кошумча маяна издеп, ою онго бөлүнбөйт. Бүт дитин ишке салып, майын чыгара аткарууга тырышат. Океан ар жагындагы үлкөн ишкананын кеңсесин көргөндөн кийин журналист Айнагүл Сапарбек кызы ушундай ойлорго чулганган.
Sputnik

Сиздин күнүңүз кантип башталарын билбейм, бирок, мойнума алайын, көзүмдү ачарым менен телефонго колумду узатат экенмин: Facebook баракчамды карап же өтө зарыл маалымат күткөн кишидей мессенжерлерди текшерем. Муну замандын агышы менен агылмайбы дээрсиз же Желеге чырмалган өмүрбү, айтор, ушундай. Социалдык медианын башка тармактарына катталганым менен танбай пайдаланганым ФБ гана экен.

Facebook менен качан таанышкам? Азыр азыраак оолактай түшкөн журналисттик чөйрөдө кесиптик ишмердигим "кайнап" турган маал болчу.

Facebook компаниясында иштеген кыргыз кызы: билим алууга эч качан кеч эмес!
Дүйнөдөгү эң кеңири тараган, эң көп киши баш баккан беш веб-сайттын бири. Колдонуучуларынын саны эки миллиардга жеткен. Калктын бүйүрүн кызыткан Instagram да, ал-акыбал сурашмайды жеңилдеткен What"s App да ушул компаниянын канатынын алдында. "Жеке маалыматтарды ачыктап койду, купуялуулукту сактай албады" деп бул ири ишкананы дүйнө жүзү тилдегени менен колдонуудан таптакыр баш тарта албай деле келебиз. Билесизби, Facebook пайда болгондон бери чейрек кылымды жарымдатыптыр…

Мунун баарын эмнеликтен саймедиреп турам дебейсиздерби, ушул биз күн сайын, ар мүнөттө барактап, кайсы бир окуяга үн кошуп, оюбузду элге жеткирип, сүйүнткөн да, жүрөк тилген кабарды көз ирмемде таратып, айрымдарын тилдеп, кай бирлерин жоктоп, кайда жүрүп, эмнеге күйүп, эмненин даамын татып, эмнеге тамшанып, эмнеге суктанганыбыздан бери, атургай, кээде жашообузду жарнамалай, анан көпчүлүктүн жаалына калып, кайра актанып, бир урушуп, бир табыштырган, анан да алысты жакын, жакынды ыраактаткан социалдык медианын бир бутагы — Facebook компаниясынын баш кеңсесинде болдум.

"Силикондук өрөөн" деп уккан чыгарсыз. АКШнын Калифорния штаты азыркы тапта адамзатты арбап турган технологиялар борбору болуп саналып, андай компаниялардын көпчүлүгүнүн штаб-квартиралары өрөөн жайгашкан ушул калаада отурукташкан. Бул штаттан сиз Adobe, Apple, eBay, Electronic Arts, Intel, Oracle, Symantec, Yahoo, Xerox, атургай, Google, Youtube өңдүү Желенин "үлкөндөрүнүн" кеңселерине чейин көрө аласыз. Штаттагы эң сүймөнчүктүү калаалардын бири – Сан-Франциско. Калаа Тынч океандын бир жээги, айтылуу "Алтын дарбаза" көпүрөсү (ачыгын айтсам, ушул көпүрөнү бир көрүп, үстүндө сейилдөө кыялым мени ушул штатка алпарды) менен белгилүү экендиги өзүнчө кеп. 

Журналист Айнагуль Сапарбек кызы

Facebook тармагынын штаб-квартирасы аталган штаттагы Сан-Матео округуна кирген, Сан-Франциского чектеш Менло парк шаарчасында жайгашат. Аянты 40 миң чарчы метрди түзөт.

Ишкананын бир канча блоктон турган имараттары эле өзүнчө бир шаарчаны түзөт. Кире бериште "Эң сонун" ишараты, тагыраагы бакыйган баш бармак сизди күтүп алат. 

Андан ары коопсуздук кызматынан өтөсүз да, өз өзүнчө имараттар башталат. Айланасы таптаза. Ыраак аралыкка атайын велосипед да ала аласыз. Эгер күндөн калкаланат элем десеңиз, улам алдыңыздан кол чатырлар коюлган челектер да чыгат. Унаа токтоочу жайы да абдан ыңгайлуу.

Журналист Айнагуль Сапарбек кызы

Баштадык анда! 

Журналист Айнагуль Сапарбек кызы

Ичимдеги үн: Вау, ушул залды М-а-р-к Ц-у-к-е-р-б-е-р-г өзү аралайт!!! 

1 / 3
Имараттын ичинде айрым бөлмөлөр, жыйындар залы айнектелген.
2 / 3
Кишинин көңүлүнө төп, азыркы жаштар багыт алып бараткан минимализди байкоого болот
3 / 3
Кызматкерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөн

Ар бир кызматкердин иштей баштаганына канча жыл толгону ушундай белгиленип турат экен. Шыктандырбай койбойт, чынбы?.. 

Журналист Айнагуль Сапарбек кызы

Кеңсе ашкере кооз же кымбат буюмдар менен деле жасалгаланган эмес. Бирок кишинин көңүлүнө төп, азыркы жаштар багыт алып бараткан минимализди да байкоого болот. Ошондой эле имараттын ичинде айрым бөлмөлөр, жыйындар зал айнектелген. Айтмакчы, береги сүрөттөгү дал ушул жыйындар залында Facebook негиздөөчүсү Марк Цукерберг да жыйын өткөрөрүн эшиттик. 

Журналист Айнагуль Сапарбек кызы

Эгер күндүз уйку басса, ушул "Тынч бөлмөгө" кирип, убактысын белгилөө менен куш уйку салып алууга да болот. 

Офис Facebook в Сан-Франциско

Апта соңунда кызматкерлер үй-бүлөсү менен кампусту кыдырып, кааласа эс алып, балдар ойной алышат. Ал үчүн биздин соода борборлорубуздагы залдардан кем калышпаган атайын оюн бөлмөлөрү да бар. Ошондой эле кеңсе ичинде эне-бала бөлмөлөрү да каралган. 

Офис Facebook в Сан-Франциско

Эгер орток залдан обочо иштейм десеңиз, буга да шарт түзүлгөн. 

Журналист Айнагуль Сапарбек кызы

Бул жаңы кеңсенин макети. Укмуш бекен, ээ, туугандар? 

Офис Facebook в Сан-Франциско

Кеңседе эч кем-карчыңыз болбойт. Шам-шум эткиңиз келсе, ар бир блоктон мындай чакан ашканаларды таба аласыз. Ал жактан чай, кофе, суусундуктун түрү, йогурттан тарта кургатылган жемишке дейре бар. Мүнөздөп тамактансаңыз, ага ылайык да азыктар жок эмес.

А баса, сергий турган бөлмөлөрдөн жыпар жыттуу самын, атайын гель, крем, тиш жуучу паста, щетка, ал тургай, аялдар үчүн гигиеналык каражаттарга чейин коюлган. 

Офис Facebook в Сан-Франциско

Имараттын чатыры өзүнчө эле бакча. Мында кызматкерлер үчүн йога, ар кыл эс алдырмай кечтери өтөт. Ошондой эле ишин аткарып, тыным алууга чыккан жумушчу кыдырып, табиятка да суктана алат. Айрым маалыматтарга караганда, бул чатыр бакчасына 400 түп бак отургузулган. Аталган паркта "шаарчанын" аймагындагы кафе-ресторандардан да акысыз алынган тамак же балмуздактан тата табиятка тамшана аласыз. Кызматкерлердин айтымында, кампустун короосундагы эки ресторандан тышкары бардык тамактануучу жайлар бекер тейлейт.

Азыркынын эрмеги жана бул ишкананын бир бутагы болгон Instagram жайгашкан кеңсеге да баш бактым. Шарттары бирдей эле. 

Журналист Айнагуль Сапарбек кыз

Ушунча кыдырган соң YouTube кеңсесин көрбөй кетемби дедим. Бирок дем алыш күнгө туш келгендиктен, ичине кире албадым. "Эшигин көрүп төрүнө өт" дейт эмеспизби, айланасы эле адамды кайдыгер калтырбайт экен. Ал эми ичин кыдырууну кийинки жолку сапарга пландадым. 

Офис Facebook в Сан-Франциско

PS: Кудай буйруп, маңдайга жазылган болсо, кызматкерлериме дал ушундай шарттары арбын бир ири ишкана ачкым келет. Чамдайын анда, ээ? 

Журналист Айнагуль Сапарбек кызы