Апта ирмеми: үлпөт тойдо бийге түшкөн Путинден Индиядагы суу ташкынга чейин

Sputnik

Россиянын президенти Владимир Путин Австриянын тышкы иштер министри Карин Кнайслдын үлпөт тоюна барып аны менен бийледи.

АКШнын 15 штатынын токоюнда өрт чыкты. Тилсиз жоо көбүнчө өлкөнүн түндүк-батышы менен Аляскага жайылды. Быйыл Америкада өрт жалмаган аймактын аянты 23 миң чарчы чакырымдай жерге жетти.

Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы "Шамалды-Сай" чек ара заставасынын жаңы комплексинин ачылыш аземине катышты.

Жүрөк толкуйт! Азия оюндарында параддан өткөн кыргыз спортчулары видеодо
Италиянын Генуя шаарында унаа жүрүүчү көпүрө урады. Акыркы маалыматтарга ылайык, анда 43 адам каза болуп, кырсык болгон жерге жакын жашаган 600дөн ашык тургун турак-жайсыз калды.

Никарагуанын жашоочулары Мария күнүн белгилешти.

Индиянын түштүк Керала штатында 8-августтан бери катуу жааган жамгыр басылбай келет, анын кесепетинен 320дан ашык адам көз жумду.

Россиянын Нижний Новгород облусунда бешинчи Alfa Future People музыкалык фестивалы өттү.

Кыргызстандын курама командасы Индонезияда башталган XVIII Азия оюндарынын ачылышында өлкө желегин көтөрүп чыгышты.

"Миссис Россия — 2018" сынагынын жечүүсү тверлик Анна Телегина болду.

1 / 20
Россиянын Краснодар крайындагы күрүч өстүрүү иши
2 / 20
Россиянын президенти Владимир Путин Австриянын тышкы иштер министри Карин Кнайсл менен финансист Вольфганг Майлингердин үйлөнүү тоюна барып бийге түштү
3 / 20
Президент Сооронбай Жээнбеков 15-августта Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы "Шамалды-Сай" чек ара заставасынын жаңы комплексинин ачылыш аземине катышты. Өлкө башчысы имаратты кыдырып чыгып, жоокердин тамагынан ооз тийип, жергиликтүү жашоочулар менен аңгемелешти
4 / 20
Македониянын тургуну асманда учкан метеориттерге суктанып жатат
5 / 20
Индонезиянын тургундары өлкөнүн көз карандысыздык күнүн белгилешти. Анда эң байыркы жана популярдуу болгон Панжат Пинанг сынагы өткөрүлдү. Ал оюндун шарты боюнча катышуучулар майланган мамыга чыгып барып башында турган сыйлыктарды алышы керек
6 / 20
Кыргызстандын курама командасы Индонезияда башталган XVIII Азия оюндарынын ачылышында өлкө желегин көтөрүп чыгышты. Иш-чара 18-августта Жакартадагы Гелора Бунг Карно стадионунда болду. Кыргызстандын желегин волейбол боюнча команданын капитаны Оңолбек Каныбек уулу алып чыкты.
7 / 20
Никарагуанын Леон шаарындагы Ыйык Мария күнүн белгилөө учурундагы пиротехникалык иш-чара
8 / 20
Калифорния штатында жаратылыш кырсыгынан каза болгондордун саны жетиге жетти. АКШнын мекеме аралык улуттук өрт борборунун малыматына ылайык, 110 токойдо өрт чыкты. Алардын басымдуу бөлүгү өлкөнүн түндүк-батышы менен Аляскада. Быйыл Америкада өрт жалмаган аймактын аянты 23 миң чарчы чакырымдай жерге жетти.
9 / 20
Италиянын Генуя шаарында 30дан ашык унаа токтоп турганда көпүрө кулаган. Акыркы маалыматтарга ылайык, анын алдында калып 43 адам каза болду. Ооруканада тогуз адам оор абалда жатат. Кырсык болгон жерге жакын жашаган 600дөн ашык тургун турак-жайсыз калды
10 / 20
Кытайлык авиакомпаниянын Boeing-737-800 учагы жерге конуп Манила аэропортунун учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен. Жүргүнчүлөр менен экипаж мүчөлөрү жабыркаган эмес
11 / 20
Колумбиянын Урамба улуттук паркынын аймагына кирген Тынч океанда сүзүп жүргөн бүкүр кит
12 / 20
Индиянын түштүк Керала штатында 8-августтан бери катуу жааган жамгыр басылбай келет. Анын кесепетинен кеминде 324 адам көз жумду. Быйыл Индияда жер көчкү, сел жана катуу шамалдан улам 860тан ашык адам каза болду
13 / 20
Австриянын Брисбен шаарында көрүүчүлөр падышанын шоусуна көз салып отурат
14 / 20
Индиялыктардын Нагапанчами майрамындагы беттештин катышуучулары
15 / 20
Якутиядан алып келинген Умка-Аяна ургачы ак аюсу Москва зоопаркынын сейрек кездешкен жаныбарларды көбөйтүү борборунда
16 / 20
Тайбэйде кыз сүрөткө түшүү үчүн чоң лилия өсүмдүгүнүн жалбырагынын үстүндө отурат
17 / 20
Россиянын Нижний Новгород облусунда өткөн бешинчи Alfa Future People музыкалык фестивалын көргөнү келгендер
18 / 20
АКШ президенти Дональд Трамп Нью-Йорк штатындагы Форт-Драм аскер базасына баш бакты
19 / 20
Судандык качкын Жер Ортолук деңизинде куткарылгандан кийин сууга жуунуп жатат
20 / 20
"Миссис Россия — 2018" сынагынын жеңүүчүсү Анна Телегина.