ИИМ Уланбек Эгизбаев эмнеден каза болгонун айтты

Журналисттин өлүмү боюнча атайын комиссиялык экспертиза дайындалган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнүн себебин иликтеген соттук–медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкканын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда бул боюнча атайын комиссиялык экспертиза дайындалып иш алып барган.

"Экспертиза "Уланбек Эгизбаев сууга чөгүп каза болду" деген жыйынтык чыгарды. Анын өлүмүндө криминалдык аракеттер болгон эмес. Ашказанын текшергенде таза чыккан. Ал эми бутундагы тактар маркум сууга чөккөндөн кийин пайда болгону айтылууда. Экспертизанын жыйынтыгы тууралуу толугураак маалыматты бүгүн-эртең расмий жарыялайбыз", — деп билдирди маалымат кызмат.

Эскертке кетсек, милиция "Азаттык" радиосунун журналисти Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдө сууга чөгүп каза болду деген билдирүү тараткан. Бирок анын кокусунан ажал табышы күмөндүү ойлорду жаратып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.