Ага-ини Муртазалиевдер Азия оюндарына барат. Жиу-житсучулардын тизмеси

Спортчулардын көбү бир салмакта күч сынашмай болду.
Sputnik

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Азия оюндарына өлкө атынан 11 жиу-житсучу катыша тургандыгын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине аталган федерациядан кабарлашты.

Хабиб Нурмагомедовго айдоочу болдум. Кыргызстандык жиу-житсучу менен маек
Тизмеде ага-ини Муртазалиевдер бар. Улуусу Муртазали курама команданын башкы машыктыруучусу болсо, кичүүсү Абдурахманхаджи федерациянын президенти, ал былтыр Ашхабаддагы жабык имараттагы Азия оюндарында алтын медаль алган.

Мындан сырткары, тизмеде коомго таанымал мушкер, WEF Global уюмунун мурдагы чемпиону Ариет Бекишов да бар. Былтыркы Азия оюндарында коло медаль алган.

Тизмедеги спортчулардын көбү бир салмакта күч сынашат:

Ариет Бекишов, Маразыков Давран — 56кг;

Алымгелди Абдыжамил уулу — 62кг;

Жакшылык Уранов, Төрөкан Багынбай уулу — 69кг;

Нурсултан Алымкулов, Аязбек Мустаков Аязбек — 77кг;

Муртазали Муртазалиев, Абдурахманхаджи Муртазалиев — 85кг;

Руслан Сагдеев — 94кг.

Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтмөкчү. Мелдештер спорттун 40 түрү боюнча өтөт, анын 32си олимпиадалык болсо, сегизи спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү.

Ал эми кыргызстандык спортчулар 28 түр боюнча күч сынашат (23 олимпиадалык, 5 олимпиадалык эмес).