Университетте иштегенине карабай чөнтөгү терминал, өзү робот сыяктуу мугалимдер бар экен. Кээде алар студенттердин итатайын тутултуп, жанын кашайтып жиберет. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет ЖОЖдордун окутуучуларынын кыжырга тийген жоруктарын студенттерден сураштырып көрдү.
Мээге куйганды да үйрөнүп алсаңар го. Айрым окутуучулар сен ал теманы түшүнүп атасыңбы, пайдалуу нерсе үйрөндүңбү, иши жок. Аларга өткөн темасын (кагаздан окуп бергенин) дептерге бирин калтырбай шурудай тизип жазышың керек. Ушундан көрө окуган кагазын берсе, көчүрмөсүн чыгарып алып окусак жеңилирээк болмок. Экзаменге келгенде да сенин мээң менен сүйлөшпөйт, адегенде "дептерди алып кел" дейт. Ичинде бир тема жазылбай калса артка кайтарат. Эмне анча жанды кыйнайт, түшүнбөйм. Албетте акыл үйрөтөм дебейм, бирок дептерге эмес мээге жаздырганды өздөштүрсөңүздөр жакшы болмок.
Өтпөгөн китебин бизге түртүп… Кээ бир тажрыйбалуу педагогдор өз тармагы боюнча китеп жазат. Албетте бул жакшы нерсе, эки сөздүн башын бириктире албай кагаздан окугандан көрө китеп жазса ага сый-урматың жогорулайт да. Кээде анын китебин жан талашып сатып алам дегендер табылбай калат. Тилекке каршы… Болгондо да өтө чоң тилекке каршы. Мен деле ага жөн жерден кайгырган жокмун. Чыгарган китеби өтпөй калса чаң бастырбайын деп университетке көтөрүп келет. Анан эмне кылмак эле, сессияга аз калганда "ушул китепти сатып алгыла, эртең экзаменде пайдасы тиет" дейт. Анан ары карап ыйлап, бери карап күлүп 500 сомду садага чаап сатып аласың. Башка айла барбы?.. Кээде ал китептен да жарытылуу нерсе таппай кашайып отуруп калган учурлар болот.