Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жубайларды темир тор бөлүп турбасынчы...

Баласынын бетинен сүйүп, күйөөсүнүн колунан кармаганга эч ким зар болбосун.
Sputnik

Бишкек шаардык соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду тергөө аяктаганга чейин камакта калтырды. Дал ушул күнү сотко Исаковдун апасы, жубайы жана башка тууган-туушкан, тарапташтары келди. Сот залындагы бир көрүнүш көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Атап айтканда сот өз өкүмүн чыгаргандан кийин Исаковдун жубайы менен апасы анын колун кармап калууга аракет кылышты. Жубайы темир тор артындагы жолдошунун колун кармап, бир саамга болсо да сүйлөшө алды. Апасы да уулунун колун кармап калууга үлгүрдү. 

Сапар Исаков менен учурашууга умтулган жубайы. Сот залындагы видео

Таң эрте Ош базарынын айланасындатүтөп жаткан эт комбинаты көпчүлүктүн көңүлүн бурду. 

Ош" базардын аймагындагы эт комбинатында чыккан өрттүн асмандан көрүнүшү

Өткөндү бир секундага болсо да кайтарып келүүгө болобу? Албетте, болот. Бул таберик ирмем болгон Муратбек Рыскуловдун сүрөтүн карап отуруп, кудум 1957-жылдарга барып келгендей болосуң.

Ии баса, ысыктан акактап тажагандарга жакшы жаңылык. Жума аягында күндүн табы кайтып, жаан жаайт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.29 (сатып алуу) жана 68.54 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Адал эмгек, адал ишти ар бирибизге буюрсун деп Расул Үсөналиев.