Кыргызстандык сумочулар Көчмөндөр оюндарына Ысык-Көлдө даярданат

Машыгууга спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын бюджетинен 37 миң сом каралган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Сумо күрөшү боюнча өлкөнүн курама командасы Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарына даярдыкты Ысык-Көл облусунда өткөрөт. Бул туурасында катчылыктан кабарлашты.

Машыгуу 12-19-август күндөрү Бостери айлында өтмөкчү.

Курама команданын тизмесинде эки сумочу, машыктыруучусу менен бар:

Алмаз Эргешов — спорт чебери;

Тилек Усупов — спорт чебери (оюнга резерв);

Эмил Жаманкулов – башкы машыктыруучу.

Балбандар ырым-жырым жасап, катуу сүр менен кармашкан сумонун эрежеси
Машыгууну өткөрүү үчүн спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын бюджетинен 37 миң сом каралган.

Эки спортчу тең КРдин көп жолку чемпиону, Азия чемпионатынын коло байге ээси, дүйнө биринчилигинде бешинчи орунга ээ болушкан. 38 жаштагы Эргешовдун салмагы 180 килограмм болсо, 46 жаштагы Тилек Усуповдуку 130 килограмм.

Балбандардын ийгилик сырын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин мастер-классынан көрүңүз.