Өзбекстан эми той-аштарга ылайыктуу ырлардын тизмесин түзмөй болду

Буга чейин тойлордо ырчылар ала турган гонорардын өлчөмү бекитилген болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. "Өзбекконцерт" мамлекеттик мекемеси Өзбекстанда той-аштарга ылайыктуу ырлардын тизмесин түзүүгө белсенди. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги билдирди.

Тойдо миң долларга чейин гонорар алган кыргыз ырчылары кимдер? Тизме
Тизмени түзүүгө жөнөкөй жарандар да катыша алат. Алар өзүнө жаккан жана той-аштарда угууга ылайыктуу деп эсептеген ырларды сунушташат. Мындан улам "Өзбекконцерт" элди өз сунушун почта же телефон аркылуу айтууга чакырат.

Эскерте кетсек, буга чейин "Өзбекконцерт" мамлекеттик ишканасы тойлордо ырчылар ала турган гонорардын өлчөмүн бекиткен.

Буга чейин Өзбекстанданы президенти Шавкат Мирзиёев премьер-министрге, акимдерге жана башка аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнө тойго барууга тыюу салган. Ошону менен катар эле чоң тойлорду өткөрүүгө чектөө киргизүү мыйзам долбоору даярдалган. Бирок муну Олий межлистин жогорку палатасынын сенаторлору колдогон эмес.