Булут суу ичкени түшкөндө. Ысык-Көлдөгү куюнду илгеркилер кандай кабыл алышчу

"Булут суу ичти" деп аталган көрүнүш туурасында этнографтын пикирин угуп көрдүк.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кечээ Ысык-Көлдө асмандан сууга түшкөн куюнду эс алуучулар тартып алып, интернетке жайгаштырган.

Sputnik Кыргызстан эл арасында "булут суу ичти" деп аталган көрүнүш туурасында этнографтын пикирин угуп көрдү.

Тасмада түнөргөн асмандан ичке сызыктай болуп сууга түшкөн куюн көрүнүп турат. Интернет колдонуучулардын айрымдары ага таң калса, кээ бирлери "бул көл жээгинде жашагандар үчүн катардагы көрүнүш" деп жазып чыгышты.

Илгери бул көрүнүштү булут суу ичкени түштү деп айтышканын этнограф Айымкан Жаманкулова баяндап берди.

"Булут көпчүлүк учурда жамгырдан кийин тоолордун чокусуна, көлгө, айтор, суу бар жерге түшөт. Ата-бабалар муну илгери "булут суу ичкени түштү" деп койчу. Аны жандуу дешип мергенчилер атып алып баккан учурлар да кездешкенин укканбыз. Кээ бири дарылык касиети бар деп ичсе, айрымдары "сулуу" болот деп кыз-келиндердин бетине сүйкөшчү экен", — деди Жаманкулова.

Сууга байланыштуу 11 "болбойт"
Эл арасында "булут тууду, булуттун суусун ичүү" деген түшүнүк бар. Бирок чындыгында козу карындын суусун (чайный гриб) илгеркилер булуттун суусу деп айтып коюшкан. Ошол боюнча эл ичинде козу карындын чайы "булуттун суусу" деп аталып калган. Биологдордун айтымында, суусундук козу карын жана шекер салынган чайдан жасалып, квас сыяктуу эки-үч күн ачытылат.

Жакында эле АКШда Кентукки штатынын тургундары укмуштуудай жаратылыш кубулушуна күбө болушкан. Анда асмандагы коюу кара булут деңизде цунами болуп жаткандай формага келген. Таң калыштуу көрүнүштүн видеосун бул жактан көрсөңүздөр болот.