БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Мессенджер аркылуу Ысык-Көлдөгү суучулдар кишилерди атайылап чөктүрүшүүдө деген билдирүү тарап жатат.
Ал ортодо Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы тарап жаткан билдирүүдө айтылгандарды четке какты. Ага ылайык, ӨКМде 11 профессионал суучул иштейт жана учурда алар адистигин жогорулатуу үчүн Ысык-Көлдөгү эл аралык машыгууга катышууда.
"Аудиодо сөз биздин кызматкерлер тууралуубу, же жеке суучулдар жөнүндө болуп жатканы так айтылбайт. Ал эми министрликтин суучулдары кишилерди бекер эле издешет. Маалымат чындыкка жатпайт, аны укук коргоо органдары текшериши керек", — деп маалымат кызматы билдирди.
Расмий маалыматтар боюнча жыл башынан бери 81 киши, сууга түшүү сезону башталгандан бери 59 киши сууга чөккөн. Анын 9у Ысык-Көлдө болгон.
ӨКМдин суучулдар кызматынын жетекчиси Урматбек Шамырканов тарап жаткан билдирүү боюнча пикирин айтты.
"Бардык издөө жана куткаруу операцияларын бекер жүргүзөбүз. Кишилерди куткаруу биздин милдет жана ишибиз. Бул билдирүү жалган", — деди ал.
Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы тарап жаткан билдирүү калп жана чагымчыл аракет экенин баса белгиледи.
Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети чагымчыл мүнөздөгү билдирүүлөрдү тараткандарга карата кескин чара көрүлөрүн эскертти.