Амазонкадагы белгисиз уруунун акыркы жашоочусу видеого түшүп калды

Бразилиянын туруктуу жашоочуларын коргоочу федералдык өкмөтүнүн FUNAI органы Амазонканы байырлаган белгисиз уруунун акыркы кишиси тартылган видеону жарыялашты.
Sputnik

FUNAI органы эми ай сайын бул киши тирүү экенин тастыктап турушу керек. Антпесе ал байырлаган жер дыйканчылык үчүн берилип кетиши мүмкүн. Акыркы жолу кишини 2016-жылы тартышкан. Жакында тартылган видео анын тирүү экенин тастыктап турат.

Акуланы балык жутуп алганда. Адаттан тыш окуянын видеосу
Белгисиз уруунун тургуну сегиз миң гектар жерде жашап, жүгөрү, банан жана папая өстүрөт. Андан сырткары, ал жерге аң казып, тузак коюп жапайы жаныбарларды дагы кармап жейт. Киши болжол менен 55-60 жашта.

1970-жылдан тарта анын уруусуна дыйкандар менен башка уруулар кол салып, жок кыла башташкан. 1995-жылы уруунун бардыгы жок кылынып, жалгыз гана ушул киши калган. Андан бери 22 жыл жалгыз жашап келе жатат.