ИИМ: Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү үчүнчү адам Россияда. Аны издеп жатышат

Улан Саляновду былтыр 6-ноябрь күнү өз үйүнөн өлтүрүп кетишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Аида Салянованын бир тууганынын өлүмүнө шектелип жаткан үчүнчү адам кармала элек, бирок ал Россияда экени белгилүү. Бул тууралуу ИИМдин Криминалдык милициясынын башчысы Нурбек Абдиев билдирди.

ИИМ: шектүү жаран Улан Салянов кантип өлтүрүлгөнүн айтып берди
2017-жылдын 6-ноябрга караган түнү болжол менен саат 2.30дарда мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновду өз үйүнөн атып кетишкен.

Ошол эле жылдын 27-декабрында бул кылмышка шектүү катары Бишкектин 31 жаштагы жараны кармалган. Анын жанынан Саляновго ок атылган курал табылган.

Кийин Москва шаарында экинчи шектүү колго түшүрүлгөн.

Абдиевдин айтымында, үчүнчү шектүүнүн аты-жөнү жана Россияда жүргөнү такталган. Ушул тапта аны колго түшүрүү максатында Кыргызстандын жана Россиянын укук коргоочулары иштеп жатат.