Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча курама командасы Индиядагы Азия чемпионатына барганда аэропорттон жүктөрүн жоготуп алган. Бул тууралуу балбандардын видео маегин Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жарыялаган.
Балбандар 17-22-июнь күндөрү Нью-Делиде өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатына барган. Жыйынтыгында Мээрим Жуманазарова (68 кг.) менен Айпери Медет кызы (76 кг.) алтын байге утуп, чемпион аталган болчу.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Мээрим Жуманазарова менен байланышып, окуянын чоо-жайын сураштырды.
Балбан кыздын айтымында, курама команданын жүгү толугу менен жоголуп кайра табылган.
"Кыргызстандан жүктү кадимкидей эле салганбыз. Дубайдан конуп кайра мелдеш боло турчу Индияга жол тарттык. Аэропорттон түшкөндө жүк жок экен, айлабыз куруп үч саат издедик. Команданын жүгү толугу менен жоголуптур. Мелдешке алты кыз, бир машыктыруучу барган. Чемоданда бардык кийимдер бар болчу. Жаныбызда мелдешке кие турчу трико, борцовка, капчык жана тамак-аш бар эле. Бул Нурбек Изабеков агайдын кеңеши: "Жүк дегенге ишениш жок, формаңарды өзүңөр менен кошо ала жүргүлө" деп айтат. Аэропорттогуларга арыз жазып жүктү тапса кабар берип коюшун өтүнгөнбүз, жүктү алып келип береби деп эки күн күттүк. Мелдеш аяктап өлкөгө кайталы деген күнү таап беришти", — деди Жуманазарова.
Ошондой эле Жуманазарова жүктөрдү толугу менен, эч кандай кем-карчысы жок алганын кошумчалады.