Бали, балбан кыздар Кыргызстандын гимнин Нью-Делиде жаңыртты. Видео

Патриоттук сезимди ойготкон видеону Айсулуу Тыныбекова Instagram баракчасына жарыялаган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik.Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова Нью-Делиде өткөн Азия чемпионатында кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеште алтын медаль утуп, Кыргызстандын гимнин жаңыртты. Аталган видеону кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Instagram баракчасы аркылуу жарыялады. 

Чемпионка Азии по женской борьбе среди кадетов Айпери Медет кызы и Мээрим Жуманазарова

"Биздин кыздар Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова кош кубаныч тартуулады", — деп жазган Тыныбекова.

Жуманазарова квалификациялык кармашында Кытай Тайбэйинин балбаны Чиа Хсуан Чангды 12:0, чейрек финалда кореялык Хьон Йонг Паркты 8:3, жарым финалда казакстандык Валерия Гончарованы 10:0 эсебинде жеңип финалга өткөн. Чечүүчү кармашта индиялык Дивя Какранды 11:0 эсебинде жеңип чемпион аталды.

Ал эми Медет кызы квалификациялык кармашында индиялык Каруна Карунаны 8:0, чейрек финалда казакстандык Айнагүл Абированы 11:0, жарым финалда монголиялык Оюнбагана Батчулууну 10:0 утуп, чечүүчү кармашта кытайлык Ю Жень Дингди 11:0 упай эсебинде жер караткан.

Жаштар арасындагы Азия чемпионаты ушул тапта Индиянын Нью-Дели шаарында өтүүдө. 17-июлда башталган мелдеш 22синде жыйынтыкталмакчы.