Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова Азия чемпиону аталды

Эки балбан тең финалда атаандаштарын 11:00 эсебинде жеңди.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кыргызстандык балбандар Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча алтын байге утуп, чемпион аталды. Бул туурасында Бүткүл дүйнөлүк күрөш бирикмесинин расмий сайтында жарыяланды. 

Мелдеш ушул тапта Индиянын Нью-Дели шаарында өтүүдө. 17-июлда башталган, 22синде жыйынтыкмалмакчы. 

Чемпионка Азии среди кадетов Айпери Медет кызы

Анда өлкөнүн курама командасынан Мээрим Жуманазарова (68 кг) менен Айпери Медет кызы (76 кг) алтын медалга ээ болду.

Жуманазарова квалификациялык кармашында Кытай Тайбэйинин балбаны Чиа Хсуан Чангды 12:0, чейрек финалда кореялык Хьон Йонг Паркты 8:3, жарым финалда казакстандык Валерия Гончарованы 10:0 эсебинде жеңип финалга өткөн. Чечүүчү кармашта индиялык Дивя Какранды 11:0 эсебинде жеңип чемпион аталды.

11:0! Тыныбекова Кытайда атаандашынын айласын кетирип, коло утуп алды. Видео
Ал эми Медет кызы квалификациялык кармашында индиялык Каруна Карунаны 8:0, чейрек финалда казакстандык Айнагүл Абированы 11:0, жарым финалда монголиялык Оюнбагана Батчулууну 10:0 утуп, чечүүчү кармашта кытайлык Ю Жень Дингди 11:0 упай эсебинде жер караткан.

Эске сала кетсек, быйыл Бишкекте өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпионатында кыз-келиндер арасындагы күрөш түрүндө Кыргызстандын курама командасынан жалгыз Мээрим Жуманазарова байгеге ээ болуп, коло тагынган.