Жаштыкка, ишке, сүйүүгө тойбой турган Исмаил. Эми сени ирмемдерден издейбиз

Sputnik

Кош, Исма! Жайдары мүнөз кесиптешибиздин кадрда калган элеси
Баягы жайдары мүнөз кесиптешибизди эми сүрөт, видеодон гана көрө алабыз. Бирок ал ичинде кири жок, кең пейил, ак ниет инсан катары жүрөгүбүздө сакталып калат. Ажалды чакырган дарт сага жармашпаганда, орчундуу макалаларды жазып, радиодон үнүң жаңырып замандаштарыңды кубандырып турмаксың. Сен — адамдык бийик сапатты же болбосо жаштардын үлгүсүн көрсөткөн бычакка сап уул болдуң.

Исмаил, 29-июнь күнү жумуштан эмгек өргүү алып үлпөт тоюн өткөрөм деп кеткен. Ошондо кесиптештери менен сүрөткө түшүп "Аман тургула алтындарым, буюрса жакшылыктан көрүшкөнчө" деп жазган экен. Ошол жакшылыгыңды көрдүк эле. Бирок сен аман турбадың…

1 / 16
19-июль күнү редакциябызга суук кабар келип, жайдары мүнөз кесиптешибиз Исмаил Мамытовдон айрылганыбызды уктук.
2 / 16
Кесиптешибиз жумушка так, тырышчаак, аракетчил, бирөө менен жаман-жакшы айтышпаган, эч кимден жардамын аябаган, оор басырыктуу, орду менен сүйлөгөн инсан эле.
3 / 16
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунда 2016-жылдын март айынан бери иштеп келген.
4 / 16
Убакытка сараң болучу. Күн эмес ар бир саатты алтындай кастарлачу.
5 / 16
Оозунан кеби төгүлгөн, оюн так-так айткан шар жигит эле.
6 / 16
Кеңседе кесиптештердин туулган күнүн куттуктап жатканда, шакылдап сүйлөгөндө каалоосун угуп, араң үлгүрчүбүз.
7 / 16
Жаны тынчу эмес. Биз бир жумушта иштегенибизге сүйүнүп жүрсөк, ал эки-үч жакта иштегенге үлгүрчү.
8 / 16
Жыл жыйынтыктап жатып ошондогу Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен болгон эфирин өзгөчө белгилеген. "КСДПдан президенттикке ким барары белгисиз болуп, бул маселе баарын кызыктырып жатканда ал шайлоого барып калышы мүмкүндүгүн айтты. Бул жаңылык коомчулукту эле эмес, Ак үйдөгүлөрдү дагы таң калтырды" деп жасаган ишине кубанган.
9 / 16
Жооптуу редактор Канышай Бешбаева менен ынак мамиледе болчу. "Канышай эже, Канышай эже" деп айланчыктап тураар эле. Оор көтөрүп келе жатса колунан алганга шашчу.
10 / 16
"Раске, Раске" деп Расул Үсөналиевге өзгөчө жакын эле. Башкаларга айтпаган сырын ага айтчу.
11 / 16
Арабызда жаркылдап жүрүп эле дүйнө жаңыртып кетээриңди ким билиптир.
12 / 16
"Сүрөткө түшөөр алдында күрмөсүн кийип, чачтарын түздөп радиостудиянын фонуна койкоюп туруп калчу. Муну көргөн сайын жылмайып койчумун", деп фотограф Табылды Кадырбеков эскерди.
13 / 16
Тапан жигит болгондуктан кээде тегерек стол, маалымат жыйындарга модератор кылып койчубуз.
14 / 16
Ыраазы болсо эки алаканын бириктирип, төшүнө алып келип, башын ийип, "рахмат" деп саал жылмайып коер эле…
15 / 16
12-июль күнү арзышып жүргөн кызына баш кошуп, үлтөп тоюн өткөрүп элден бата алган.
16 / 16
Жаркын элесиң түбөлүк эсибизде калат. Жаткан жериң жайлуу болсун!