Менин жанымда отурчу ара чолодо башыбызды көтөрө калып, ар нерсени айтып акылдашып калчубуз. Эч жаны тынчу эмес. Биз бир жумушта иштегенибизге сүйүнүп жүрсөк, ал эки-үч жакта иштегенге үлгүрчү. "Муну окууга киргизиш керек, тиги экзаменден өтпөй калыптыр" деп кайгырып аларга көмөктөшөр эле.
Ажал айттырбай келип, эч ким менен акылдашпайт тура. Ажал — улук, өлүм — ак экенине моюн суналы десек да күлгүндөй курагында о дүйнөгө алып кеткениң ичимди ачыштырып, жүрөгүмдү сыздатты. Жаштын өлүмү ачуу болот экен. Эмнеге адам деген атты бийик алып жүргөн агамдан айланып өтпөй жабышып алдың?! Артында калгандарды аяп койсоң болот эле го… Уулун тартып алсаң улгайган ата-энеси кең дүйнөгө батпай кан жутуп калат деп ойлободуңбу?! "Таянар тоом, ишенер өбөгүм, Исмаил" деп, эми келининин ысык чайын ичип, неберелүү болобуз деп отурушпады беле. Жаңы эле көшөгөсүн көгөртүп, мөлтүрөп отурган келинчегине эмнеге бооруң оорубады? Канаты кайрылып боздоп калат дебедиңби?.. Экөөнүн беш жыл сүйлөшүп жүргөн күндөрүн жетет деген болсоң, жок дегенде ак никелүү жубайынын жанында жашатып "туягымды улаар тулпарым" деп жүрчү өз канынан жаралган перзентинин жытын жыттатып койсоң болот эле го… Күн сымал жарыгын чачып турган ага-ини, дос, тууган, кесиптештери ал жөнүндө айтпайт дедиңби? Эми ошол жарыкты каяктан издейбиз?..
Эч кимге билгизбей аны шаштыра берген окшойсуң… Ошон үчүн ал Sputnik агенттигинде журналист, Мамлекеттик юридкалык академияда мугалим, той-мааракелерде тамада болуп жаны тынбай жүрдү беле? Диплом алдым деп отуруп калбай магистратураны да аяктап, борбор калаадан өзүнө үй алып, сүйүктүүсүнө ак жоолук салынтып астанасына киргизгенде кылаар ишиң ушул болдубу? "Баарын бүтүп ал" деп акмалап турдуң беле?.. Андай болсо сенден өткөн таш боор жок го… Айтчы?! Эми ошол жасаган эмгектеринин кимге кереги бар? Эккен багынын мөмөсүн өзү жеп, тоодой бакытка бөлөнө турган убагы келгенде эмнеге шаштың?
Ажал, агама аккан оорусун жабыштырып, жоон ичегисин жаралап коюп карап тура бердиңби? Эмнеге муну өзүнө эртерээк билгизген жоксуң?! Анын жашоо үчүн күрөшүүгө күчү да, дарамети да жетет болчу. Ансыз деле айланабызда жакшы адамдар азайып баратканда, ак ниет агамды алып кеттиң. Жаратканга да жакшы адамдар керек болдубу?
Исмаил аке, 25 жашыңызда сүрөтүңүз рамкага салынып, бурчуна кара лента тартылып калат деп эч ойлогон эмесмин. Баягы жаркылдап турган жүзүңүздү эстеген сайын көзгө жаш тегеренет. Азыр да карааныңызды издеп балким түш көрүп жатам, көзүмдү ачарым менен жарк этип жанымда отуруп калабы деп үмүтүмдү үзбөй турам.
Акыркы жолу көрүшкөндө экөөбүз тең эмгек өргүүгө кетип баратып кол алыштык эле. Ошондогу кол алышуу — түбөлүк коштошуу экенин ким билиптир… Жумуштан чыгып баратып селфи жасап, аны баракчаңызга жүктөп "аман тургула алтындарым, буюрса жакшылыктан көрүшкөнчө" деп жазгансыз. Жакшылыгыңыз өттү, биз аман турдук, бирок сиз аман-эсен кайра кайтып келген жоксуз. Кетип бараткандагы жылмаюуңуз кана?..
Суук кабарга азыркыга чейин ишенгим келбейт. Сизди кайсы бир жерден капа кылган болсом кечириңиз! "Кош!" деп айтууга оозум барбайт. Билем, азыр бизди жогору жактан карап тургандырсыз. Ыйманыңыз саламат болсун!