БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Чүй облусунун Киргшелк айылында 2016-жылы 24-мартта үч аялдын өлтүрүлүшү боюнча сот иши бүгүн уланып, айыпталуучулардын бири Элдар көрсөтмө берди.
Ал тергөө учурунда жана кылмыш болгон жерде окуя кандай болгонун көрсөтүп берүү учурунда аны милиция кызматкерлери ур-токмокко алды деп айтты.
"Милиция кызматкерлери окуя кандай болгонун биздин айткандарыбыз боюнча айтасың дешти. Сурак учурунда колума кишен салып, башыма пакет кийгизип кыйнашты. Алардын кордугуна чыдабай алар айткандай көрсөтмө бердим", — деди ал.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын 24-март күнү милиция кызматкерлери Киргшелк кыштагында 59 жаштагы үй кожойкеси, 56 жаштагы анын сиңдиси жана 25 жаштагы кош бойлуу кызынын бычакталган денесин табышкан. Ошол эле күнү Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш жаза кодексинин 97- беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгогон.
Киргшелктогу үч аялдын өлүмүнө шектүүлөрдүн бири буга чейин абакта отуруп, ал жактан да качып кетүүгө аракет кылгандыктан эми сотто эки иш бир каралмакчы.
Сот ишин судья Айбек Эрнис уулу карап жатат.
Кийинки сот отуруму 25-июлда саат 9:30да уланмай болду.