Арнольд Шварценеггер Дональд Трампты ачып кеткен кесмеге салыштырды

Актер өз кайрылуусунда Трамп өлкөнү, чалгындоо кызматын сатып кеткенин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Актер жана Калифорниянын мурдагы губернатору Арнольд Шварценеггер АКШ президенти Дональд Трамп Россиянын президенти Владимир Путин менен чогуу берген маалымат жыйын учурунда "ачып кеткен кесмедей" болуп турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Президент Трамптын Путин менен чогуу берген маалымат жыйынын көрүп аябай уялдым. Сиз ал жерде кичинекей фанат сыяктуу турдуңуз. Андан автограф сурап же чогуу селфи кылууну качан сурайт деп күтүп жаттым", — деп актер Twitter баракчасына жазган.

Шварценеггер Трамп маалымат жыйында Американын чалгындоо кызматын, укук системасын жана өлкөнү толугу менен сатып салганын белгилеген.

"Сиз АКШнын президентисиз, андай кылбаңыз. Сизге эмне болгон?" — деп актер суроо салды.

Ал кайрылуусунун аягында катуу үшкүргөн.

Журналисттер жолугушууда Трамптын Путинге көз кысканын тартып алган. Видео
Дональд Трамп менен Владимир Путин дүйшөмбү күнү Финляндиянын борбору Хельсинки шаарында толук форматта жолукту. Өлкө башчылары эки сааттан ашык бетме-бет отуруп сүйлөшүп, кеңейтилген форматта түшкү тамак ичишти. Андан соң журналисттердин суроолоруна чогуу жооп беришти.

Эки президент тең мамилени жолго салууга кызыкдар экенин билдиришкен.