Туристтердин өлкөгө көп келгени жакшы деңизчи, аларды жан алыбыз калбай тосуп алабыз. Бирок айрым учурда аргасыз баш чайкайсың. Чет жактан келген эс алуучулар жергиликтүү тургундардын, гиддердин жанын кайсыл учурда кашайта турганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.
Калп эле билмексен болгондор. Эс алганыбы же саякаттаганы барабы, ким болбосун ал өлкөнүн маданият, салт-санаасын алдын ала бир сыйра окуп-билип алышы зарыл. Кыргызда үйгө бут кийим менен кирбейт, дасторконду тебелебейт деп түшүндүрүп жатсаң да, кулагынын сыртынан кетирип жинге тиет. Эч нерсе билбеген турист экен деп дасторкондун үстүнө отургузуп, бут кийимин төргө чечтирип коймок беле. Кызык, ушулар…
Динди түшүнбөгөндөр. Кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү мусулман болгондуктан, өлкө аймагында мечиттер арбын. Айрым учурда туристтердин аялдары ал жакка жоолугу жок, эркектер жарым жылаңач болуп кирип барышат. Кичине ар жак-бери жактан бир сыйра сурап, жок дегенде интернеттен карап албайбы.
Акылдуу сезе бергендер. Өздөрүн өтө акылдуу, бизди бир эч нерсе түшүнбөгөн жапайы адам катары кабыл алган чет элдиктер да жинге тийишет. Анан калса биз аларды жеп алчудай корккон туристтерге да таң каласың. "Кыргыз эли меймандос, кичи пейил калк. Үйүнө чакырса коркпой эле бара бергиле, тиштеп албайт" деп кыйкыргың келет.