Эне тилин билбеген кыргыздар эмне дешер экен? Орус кыз Дүйшеевдин ырын окуган видео

Видеоролик бир нече миң адамга жагып, ондогон колдонуучулар бөлүшүп чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Социалдык тармактын кыргызстандагы колдонуучуларынын суктануусун жараткан видеодо башка улуттагы кыз акын Шайлообек Дүйшеевдин эне тил тууралуу ырын көркүнө чыгарып окуп жатканын көрүүгө болот.

Анжелика Асанованын бул көркөм окуусу миң адамга жагып, видеону ондогон киши бөлүшүп чыккан.

Интернет колдонуучуларынын кызыгуусун арттырган кыз учурда Бишкекте жашайт. Өзүнүн айтымында, улуту орус. Бала чагынан тарта кыргыз тилин суудай билерин айтып берди.

"Менин кыргызча сүйлөгөнүмдү укканда ошол жерде тургандар таңгалып калышат. Себеби, документимде улутум орус деп жазылган. Балалыгым Жалал-Абадда жана Таласта өттү. Досторумдун баары кыргызча сүйлөгөндүктөн, тилди үйрөнүп алгам. Дүйшеевдин ырын окуганымды эл абдан жакшы кабыл алды. Алардын арасында чачымдын түсү менен денемдеги сүрөттөрдү сындагандар болду. Эми анын баарына көңүл буруштун деле кереги жок", — деди Анжелика.

Буга чейин Германиянын джаз ырчысы Майя Фадееванын "Сен менин" аттуу кыргыз чыгармасын аткарган учуру интернетке жарыяланган.