Бишкек мэриясы товары күйгөндөргө бир жолу көрсөтүүлүүчү жардам катары 488 кишиге 10 миң сомдон берген. Өрт фактысы боюнча Кылмыш жаза кодексинин 174 (Мүлктү атайылап жок кылуу же бүлгүнгө учуратуу) жана 238-беренелеринин (Өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди бузуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Андан сырткары, "Берекет" базарынын директору менен өрт коопсуздугу боюнча жоопкер кызматкер кармалганын Бишкек ШИИБинин тергөө кызматынын жетекчиси Нурлан Молдалиев билдирген болчу.
Мэрия өрттөнгөн аймактар калыбына келтирилгичекти соодагерлерге "Берекет – Гранд" соода борборунан, Кулиев көчөсүнөн, Киев көчөсүндөгү жер алдындагы өтмөктөн соода кыла турчу жер бөлүп берген. Андыктан учурда бул жердеги абал кандай экенин жеринен барып билип, сүрөткө тартып келдик.
Ош базарынын аймагындагы "Берекет" майда дүң базарынын өрттөнүшү жыл жаңыргандан берки үчүнчү кырсык болду. Ага чейин 30-январда жана 5-мартта өрт чыккан болчу.