Башкы штаб Ми-8 кырсыктаган жерге дагы бир тик учак жөнөттү

Кырсыктын чоо-жайы белгисиз, болгону бир нече адам жабыркаганы айтылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө Ми-8 МТВ кырсыктаган жерге дагы бир тик учак учуп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына КРдин Башкы штабынын Аба күчтөрүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

КСДП Сомалиге берилет делген тик учактар боюнча билдирүү таратты
Эске салсак, облустун Түштүк Эңилчек аймагында куткаруу операциясын жүргүзүп жаткан КР аба күчтөрүнүн Ми-8 МТВ тик учагы катуу шамалдан улам сол капталына кулап калган. Алдын ала маалыматтарга караганда, төрт адам жабыркаган.

Башкы штабдан билдиришкендей, окуянын чоо-жайы билгисиз. Себеби кырсык болгон жер деңиз деңгээлинен төрт миң метр бийиктикте жайгашкандыктан, байланыш болбой жатат.

Тик учак жабыркагандарды алып келүү үчүн учуп кетти. Маалыматка караганда, кырсыктаган техника туристтерди куткарууга барган.

Баса, Кыргызстанда кимдин тик учагы бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттиги иликтеп көргөн. Кандай шарттарда алардын кызматынан пайдаланууга мүмкүн экендигин билип алыңыз.