Өгүз өлбө, араба сынба. Кыргызстандагы спорт журналистикасынын абалы

Бүгүн 2-июль — Спорттук прессанын эл аралык ассоциациясынын (AIPS) түзүлгөн күнү. Бул уюм 1924-жылдан бери дүйнөлүк спортту, олимпиадалык кыймылды, дене тарбия, спорт ишин чагылдырып, көйгөйлөрдү жарыялап келет.
Sputnik

Ал эми кыргыз спорт журналистикасынын учурдагы абалы кандай? Бул тармактагы озуйпасын аткарып жатабы? Кандай көйгөйлөрү бар? Бул суроолордун тегерегинде Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы, колумнист Кабыл Макешов ой жүгүрттү.

AIPS деген эмне?

Футбол — 2018: тайпалык этаптан эсте калган ирмемдер
Спорттук прессанын эл аралык ассоциациясы (AIPS) 1924-жылы түзүлгөн. Бул бирикме учурда спорт чөйрөсүндө эң таасирдүү уюм болуп эсептелет. AIPS Пьер де Кубертен уюштурган олимпиадалык кыймылдын негизги идеяларын, спорт мелдештерин коомго кеңири жеткирип туруу милдетин аркалап келет. AIPS өзүнүн иши менен коомчулукту жыл сайын тааныштырып, төрт жылда бир отчёттук кайра шайлоо конгрессин өткөрүп турат. Дүйнөлүк спорттук журналисттер уюмун мурда Фрэк Тейлор (Англия), Тугай Баятлы (Түркия) сыяктуу белгилүү журналисттер жетектеп келген. Учурда AIPSти Италиянын атактуу "La Gazzetta delo Sport" басылмасынын баяндамачысы, спорт ишмери Жани Мэрло жетектейт.

Кыргызстандын спорттук журналисттер федерациясы бул ассоциацияга 1995-жылдан бери мүчө.

Көз жаздымда калып келген спорт темасы

Чынында СССР доорунда деле маалымат каражаттарында спорт темасына салкын мамиле болуп келген. Гезит-журналдарда, телерадиодо спорт тармагындагы жаңылыктар куш тилиндей маалымат менен гана чектелип, бул тармактын көйгөйлөрү терең талдоого алынчу эмес.

Учурда деле жогорку окуу жайларындагы журналистика бөлүмдөрү же факультеттер спорттук журналисттерди даярдоого чамасы жетпей келүүдө. Атайын курстарды уюштурууга да көңүл бурулбайт. Кыргызстанда спорттук журналистиканы өнүктүрүү үчүн, дене тарбия, спортту жайылтуу жана генофондду сактоо үчүн өлкөдө спорттук гезит, журнал, өзүнчө маалымат каражаттары болуусу зарыл. Бирок өлкөдө ушу тапта бирин-экин спорттук гезит болгону менен каражаттын жоктугунан же демөөрчүлөр колдоого албагандыктан бир жылга жетпей ындыны өчүп калып жатат. Кыргызстандын тарыхында бир дагы толук түстүү спорт журналы болгон эмес. Кыргыз телерадио каналдары деле спорттук берүүлөргө эми гана маани берип, “Спорт” каналы жаңы ачылып спорт тармагын “жиликтеген” журналисттерге муктаж болуп турган чагы. Дасыккан адистердин жоктугу учурда Россияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатын чагылдырууда айкын байкалып калды.

Баасы жок басылмалар

Макешов: чет өлкөдө журналисттер мыкты камсыздалат, бизде тыңыраак фотоаппарат да жок
Баса, 1991-жылы Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет кыргыз жана орус тилдеринде чыккан "Байге" аттуу спорттук гезитти жетекчилер колдоого албагандыктан, бир жылдан кийин жабылган. Андан жети жылдан кийин жарык көргөн "Спортивный Кыргызстан" гезити деле каражаттын айынан чыкпай калган. Учурда кыргыз тилинде "Топ.kg" аттуу гезит россиялык, чет өлкөлүк маалыматтарды которуп, кыргыз спортун учкай гана чагылдырып, анда-санда каражатына жараша чыгып келе жатат. Ал деле спорт коомчулугун толук камтый албай, орус тилинде чыккан чет элдик гезиттерден макалаларды которуп берүү менен чектелип келүүдө. Ал эми орус тилинде  "Sport.kg" аталыштагы гезит чыгып келатып, кендирди кескен каражаттын айынан чыкпай, электрондук интернет сайт менен маалыматтарды жарыялап жүрөт. Алар деле Россиянын гезиттеринен кызыктуу макалаларды "көчүрүп" колдонуп жүргөнүн моюнга алыш керек. Андагы маалыматтар менен ушундай аталыштагы интернет-сайттан да таанышууга болот.

Ошондой болсо дагы эгемен өлкөнүн туусун Азия, дүйнө чемпионаттарына, Азия оюндарына, жайкы жана кышкы олимпиадалык оюндарга көтөрүп барып, алына жараша намыс талашкан спортчулардын ийгилик жана мүчүлүштүктөрүн маалымат каражаттары кененирээк чагылдыра баштады.

Спорт журналистинин абалын сураган киши барбы?

Чынында спортко кызыккан же жашында спорт менен машыккан айрым журналисттер бул тармактын жүгүн өз демилгеси менен чама-чаркына жараша көтөрүп келе жатышат. Ошондой болсо дагы өлкөнүн спорт журналистикасынын деңгээли коңшу Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан, ал түгүл Тажикстандан да төмөн. Себеби, бул өлкөлөрдө бир нече спорт гезит, журналдары бар. Аларды өкмөтү колдоого алып, каражаттан жардам берип, бутуна туруп калышкан. Спорт тармагы оңой көрүнгөнү менен аны жазуу үчүн атайын даярдык, спорт дүйнөсү тууралуу билим керек. Ошондой эле спорт журналисттери үчүн мелдеш, өлкө чемпионаттары, эл аралык турнирлер учурунда иштөөгө шарт жок.

Учур талабына жооп бербеген деңгээл

Кыргызстандын спорт журналисттери көл жээгинде күч сынашат
Кыргызстандын спорт журналисттеринин кесиптик деңгээли да учур талабына жооп бербейт.  Спорттук көйгөйлөрдү терең талдоого албай, жеңгендерди мактоо, утулгандарды бир жактуу сындоо менен гана чектелип, утулуунун себептерине талдоо жүргүзүлбөйт. Журналисттер борбордогу мелдештерди жазуу менен гана чектелип, региондордогу спорт маселелери чагылдырылбай калууда. Спорттук журналисттердин билим деңгээлин жогорулатуу үчүн Улуттук олимпиада комитети жана Жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт агенттиги, федерациялар менен бирдикте семинар-кеңешмелерди өткөрүп, чет өлкөлүк кесиптештер менен тажрыйба алмашып туруусу зарыл.

Кыргызстанда  1995-жылы спорт журналисттеринин федерациясы түзүлгөндөн бери өлкөдөгү спортту, дене тарбияны, сергек жашоо ыңгайын жайылтууга колдон келген салымын кошуп келүүдө. Учурда федерациянын президенти Улугбек Салымбековдун демилгеси менен ар жыл сайын спорт журналисттери арасында кичи футбол, боулинг мелдештери өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлык тапшыруу салтка айланган. Эки-үч жылдан бери Жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт агенттиги менен бирдикте Чолпон-Ата шаарында  30дан ашуун спорт журналисти үчүн футзал, кол күрөш, таяк тартыш, сууда сүзүү, аркан тартмай, стол тенниси боюнча мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөрдү сыйлоо колдоого алаарлык көрүнүш. Бирок мелдешип гана тим болбостон тажрыйбалуу журналисттер мастер-класс өтүп, семинар-кеңешмелер да уюштурулса натыйжалуу болмок…

Автордун пикири редакциянын көз карашына дал келбей калышы мүмкүн.