Мөөнөтү 4 жылга узарган ординатурага 1 млн. сом керек! Маселенин күңгөй-тескейи

Өлкөдөгү медициналык билим берген окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү диплом алгандан кийин окуу боюнча киргизилген өзгөртүүлөрдөн улам айласын таппай турган кези.
Sputnik

2017-жылдын 11-декабрында кыргыз өкмөтү медициналык окуу жай бүтүрүүчүлөрүнүн ординатурадан билим алуусуна байланыштуу жаңы токтом чыгарган. Документ ушул окуу жылдан баштап күчүнө кирет. Ага ылайык, эми келечектеги медиктер ординарутаны мурдагыдай бир же эки жыл эмес, 2-4 жыл окушат. Эки жылдык ординатура жалпы практикалык дарыгерлерге, тагыраагы, үй-бүлөлүк врачтарга тиешелүү. Кайсы бир адистикти тандагандар үч же төрт жыл окууга мажбур болушат.

Бул нерсе ансыз дагы алты жыл окуган студенттер үчүн ар тараптан, өзгөчө тыйын жагынан кыйынчылык жаратууда.

Медициналык факультеттердин бирин бүтүргөн Александра Котеняткина акушер-гинеколог болуу үчүн ординатурада төрт жыл окуса, контракт, батир, тамак-аш жана жол кирени гана эсептегенде бир миллион сом сартпашы керектигин айтат.

"Бул суммага өтө зарыл нерселер гана кирди. Элестетип көрсөңөр, миллион сомду кайдан табам? Экинчиден, ординатуранын мөөнөтү узарганын бизге мамлекеттик экзаменге үч ай калганда айтышты. Демек биздин укугубуз бузулду. Анткени эч ким үч же төрт жыл окуйм деп пландаган эмес, демек буга каражат дагы каралган эмес", — деди бүтүрүүчү.

Көпчүлүк бүтүрүүчүлөрдүн нааразычылыгын жараткан мындай өзгөрүүлөр эмнеге киргизилгенин Саламаттык сактоо министрлигинин Кадрдык иш жана билим берүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Нурида Жусупбекова түшүндүрүп берди.

Заведующая отделом кадровой работы и медицинского образования министерства здравоохранения Нурида Жусупбекова

"Жаңы токтомду Швейцария мамлекетинин колдоосу менен ишке ашырганы жатабыз. Анын негизги максаты — билим берүүнү жакшыртуудан тышкары региондордо өзгөчө тартыш болуп жаткан үй-бүлөлүк дарыгерлердин санын көбөйтүү. Андыктан, мамлекет ординатурага 256 бюджеттик орун берсе, анын 150сү дал ушул үй-бүлөлүк дарыгерлерге бөлүндү", — деди Жусупбекова.

Жардам керек. Органдарды алмаштырууда КР коңшулардан артта калды
Бул 150 орундун 70и Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына (КММА), 40ы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институтуна, 40ы ушул эле окуу жайдын Ош шаарындагы филиалына берилди. Калган 106 орун өтө тартыш болгон анестезиолог, реаниматолог, фтизиатр, судмедэксперт сыяктуу адистиктерге калтырылды.

Жусупбекованын айтымында, бир адистикти тандап, бирок 3-4 жыл акы төлөп окууга мүмкүнчүлүгү жоктор жалпы практикалык дарыгер катары эки жылдык ординатураны аяктап, каалаган адистиги боюнча кийин окуса болот.

"Студент хирург болгусу келди дейли. Эки жыл үй-бүлөлүк дарыгер катары бюджетте окуп, бүткөн соң министрлик жиберген региондо бир жыл иштеп келиши керек. Андан соң хирургияга эки гана жыл окуйт. Болгону акы төлөп билим алат", — деди адис.

Жаңы системанын дагы бир артыкчылыгы катары ординатор-дарыгерлер айлык ала баштайт. Жусупбекованын маалыматына караганда, жаш адис толук кандуу дарыгерден 10 пайызга гана аз айлык алат.

Мындай реформага ичи чыкпагандардын арасында Кыргыз-орус славян университетинин (КРСУ) Медицина факультетинин деканы Анэс Зарифьян бар.

Декан медицинского факультета КРСУ Анэс Зарифьян

Анын айтымында, бул долбоор дагы деле чийки, азыркы дарамети менен пилоттук негизде гана колдонулууга жарамак.

"Эмне себептен биз дипломдон кийинки даярдоого ач кенедей жабышып калдык? Ага чейинки алты жыл тууралуу эч кимдин башы ооруган жок. Пайдубал дал ошол кезде түптөлөт. Азыр студенттерге мыкты билим алганга шарт жок. Мисалы, практикага же ординатурага барганда, ооруканалар аларга өгөй баладай карашат. Бир нерсе үйрөнүүгө, оорулуу менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк беришпейт. Бул көйгөй чечилмейинче ординатура үч эмес, 15 жыл болсо дагы мыкты адис чыкпайт", — деди Зарифьян.

Ошондой эле декан токтом кабыл алынаарда жылына 300-350 (өлкө боюнча жылына 1500дөй студент бүтүрөт — ред.) медикти даярдап чыгарган КРСУнун окутуучуларынын пикири эске алынбаганын айтты.

Өлкөдө ДНК анализи жасала баштайт. Күмөн санаган аталардын үмүтү акталабы?
"Биз эки мамлекетке баш ийген окуу жай болгондон кийин өкмөттөн "Россия тарап менен жаңы программалар боюнча келишип алалы, бир жыл бергиле" деп суранганбыз. Антишкен жок. Азыр Россиянын окуу программасы менен шайкеш келбеген жерлерибиз көп. Мисалы, быйыл Россия бизге бир адистик менен кеткендерге 64 бюджеттик орун түзүп берген. Бирок алар эки гана жылдык. Мен министрликтен эми буларга диплом бересиңерби десем, "жок" дейт. Анда бул орундардан баш тарталы, кат жазгыла десек унчугушпайт. Муну кандай түшүнсө болот?" — деп кейиди декан.

Мындан тышкары, өтө көп орун берилген үй-бүлөлүк дарыгерлерди даярдоочу адистер дээрлик жок экенине, негизи эле бул дарыгер ким экенине студенттер түшүнбөй жатканына токтолду.

"Үй-бүлөлүк же жалпы практикалык дарыгер эмне кылат, алар канчалык керек? Муну түшүнбөгөндөр бар. Экинчиден, Кыргызстанда үй-бүлөлүк дарыгерлер деген түшүнүк жакынкы эле жылдары пайда болду. Демек, ординаторлорго насаатчы болчу адистердин өзү жетишсиз", — деди Зарифьян.

Ал эми КММКнын Дипломдон кийинки билим берүү факультетинин деканы Өскөн Салибаев учурда жалпы республика боюнча клиникалык насаатчыларды тандоо иштери жүргүзүлүп жатканын айтты.

Декан факультета последипломного образования КГМА Оскон Салибаев

"Бул адистерди тандоо боюнча атайын талаптар бар. Жок эле дегенде оорукананын директорунун орун басары же кадефра жетекчиси болгон илимдин кандидаттары, докторлору болушу керек. Булардан тышкары, көп жылдык тажрыйбасы бар дарыгерлер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Дээрлик бардыгы макул болууда", — деди Салибаев.

Анын пикиринде, кандай гана реформа болбосун, алгач тоскоолдуктар болот, бирок чыдагандар үзүрүн көрөт.

Динара Аляева: Кыргызстандын дарыгерлери көпчүлүк учурда дартты аныктай албайт
"Нарын облустук ооруканасына сегиз ординатор жибергенбиз. Алардын ар бири 10-12 миң сомдон айлык алып жатышат. Бир жаш дарыгерибиз поликлиника, станционарда иштеп жатып, Нарындын хоккей командасына да дарыгер болуп орношуп алыптыр. Анын айлыгы 20 миң сомго жетип жатат", — деди Салибаев.

Ал эми бүтүрүүчү Александра Котеняткина 20 миң сом айлык 8-10 жыл бою билим алган адис үчүн күлкү келтирээрлик деген пикирде.

"Азыр менин курсташтарым өзүн багыш үчүн бир нече айлык курстарды окуп алып, окуудан ташкары башка жумуштарда иштеп жүрүшөт. Мисалы СММ кызматын көрсөткөн тааныштарым айына жок эле дегенде 20-25 миң сом табышат экен. Анда 10 жыл окуп эмне кереги бар? Мунун айынан окууну бүткөндөн кийин медицинадан баш тарткандар дагы толтура", — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда медициналык окуу жайларында дипломдон кийинки билим алуунун акысы жылына адистигине жараша 22 миңден 66 миң сомго чейин.