Таласта 40 кишинин өмүрүн алган авиакырсык. Каргашанын чоо-жайы жана сүрөттөрү

Мындан туура 49 жыл мурун Талас облусунда жарандык авиациянын учагы жүргүнчүлөрү менен кырсыкка кабылган. Анда жалпы 40 адам көз жумган. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы архивдик документтерди таап чыгып, ал авиакырсыктын чоо-жайын айтып бермекчи.
Sputnik

Фрунзе — Талас — Фрунзе каттамындагы учак 1969-жылы 28-июнда эртең менен Таласка учуп барган. Ошол эле күнү кеч курун борбор калаага кетип баратып кырсыктаган. Анын ичинде 27 жүргүнчү, сегиз кичинекей бала жана экипаждын беш мүчөсү болуп, бардык 40 киши мерт болгон.

Авиакатастрофа Ил-14 под Таласом

Жарандык авиациянын учагы Таластагы аэропорттон абага көтөрүлөр алдында текшерүүдөн өткөн. Эч кандай техникалык мүчүлүштүк табылган эмес. Учкучтардын ден соолугу да текшерилип, саламатчылыгы жайында экендиги аныкталган. Бирок бир аздан кийин эле экипаж менен байланышууга мүмкүн болбой калган.

1 / 5
Ичиндеги 27 жүргүнчү, сегиз кичинекей бала жана экипаждын беш мүчөсү болуп, 40 киши мерт болгон
2 / 5
Каргашадан кийин кырсыктын себебин иликтөөчү атайын комиссия түзүлгөн
3 / 5
Жарандык авиациянын учагы Таластагы аэропорттон абага көтөрүлөр алдында текшерүүдөн өткөн. Эч кандай техникалык мүчүлүштүк табылган эмес
4 / 5
Учкучтардын ден соолугу да текшерилип, саламатчылыгы жайында экендиги аныкталган
5 / 5
Метеорологдор ал күнү аба ырайы ачык болуп, каттамды ишке ашырууга тосколдуктар болбогондугун айтышкан.

Каргашадан кийин атайын комиссия түзүлүп, кырсыктын чоо-жайын бир ай ичинде такталган. Жеринде тергөөчүлөр, прокуратура кызматкерлери, ата мекендик авиациянын өкүлдөрү иштеген. Укук коргоо органдары аэропортто, метеорологиялык кызматта иштегендерди суракка алган. Метеорологдор ал күнү аба ырайы ачык болуп, каттамды ишке ашырууга тосколдуктар болбогондугун айтышкан.

Айылды бүлүнткөн учак, көчкүдө калгандар, өрттөн жайрагандар. Жылдын 9 каргашасы
Иликтөөнүн архивдик материалдарына ылайык, экипаж белгиленген бийиктикти сактаган эмес. Мындайча айтканда, Ил-14 үлгүсүндөгү учак деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте учуусу зарыл болгон. Бирок ага чейин көтөрүлбөгөн аба кемеси 3150 метр бийиктиктеги тоону сүзүп, күйүп кеткен, бөлүктөрү 150 метрге чейин ыргып кеткен.

Андан сырткары, адистер самолет кырсыкка кабылганга чейин анын бардык тетиктери жайында болгондугун тактаган.

Авиакатастрофа Ил-14 под Таласом

Комиссия 40 адамдын өмүрүн алып, мамлекетти 29 миң 288 рубль зыянга учураткан авиакырсыктын жыйынтыгын чыгарып, өлкө аймагындагы аэропортторго тиешелүү сунуштарды берген. Алар республикадагы аба майдандардын учуп-конуу тилкесин жакшыртуу, байланыш техникаларын жаңылоо зарылчылыгын айткан.