Саясаттагы айымдардын күйөөлөрү кайда иштейт? Парапсихологдон банкирге чейин

Үй-бүлөсүн эл көзүнөн оолак кармагысы келгендер өмүрлүк жарлары тууралуу чечилип айта берген жок.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттиги бир нече күн мурда мамлекеттик жогорку кызматтардагы адамдардын жубайлары тууралуу жазган. Бүгүн, тескерисинче, саясатта жүрүп, оозго алынган айымдардын түгөйлөрү эмне иш менен алек болоруна кызыктык. Үй-бүлөсүн эл көзүнөн оолак кармагысы келгендер өмүрлүк жарлары тууралуу чечилип айта берген жок.

Эл күйөө балдарынын арасында парапсихологдон тарта мамлекеттик комитеттин ана башында тургандарга чейин бар экен. Назар салыңыз.

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева ар кандай себептерден улам жолдошу жана үй-бүлөсү тууралуу коомчулукка жарыялоону жактырбайт.

Вице-премьер Алтынай Өмүрбекованын жолдошу офтальмолог. Борбор калаада ооруканалардын биринде иштейт.

Юстиция министри Айнур Абдылдаеванын ушу тапта башы бош. Жолдошу менен эки ача жолго түшкөн.

Жогорку Кеңештин эң жаш депутаттарынын бири Айсулуу Мамашова турмушка 2016-жылы чыккан. Жолдошу Данияр кесиби боюнча финансист, банк тармагында эмгектенет.

Дагы бир эл өкүлү Махабат Мавлянованын жолдошу Айбек мырза КРдин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинде жетекчилик кызматтардын бирин аркалайт. Кесиби боюнча юрист.

Парламенттин КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева менен жолдошу төрт баланын ата-энеси. Депутат айым жолдошу ЖМК беттерине чыгууну каалабагандыктан, анын иши тууралуу кененирээк маалымат бере албасын айтты. Болгону ал мамлекекеттик кызматта эместигин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Асел Кодуранова белгилүү парапсихолог Мелис Карыбековдун жубайы. КТРКнын "Аалам сырлары" долбооруна катышуучуларды тандоо боюнча кастингде калыстар тобунун мүчөсү болгон.

Парапсихолог Мелис Карыбеков