Түркиядагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсү аталды

Эрдоганды шайлоодо добуш бергендердин 52,5 пайызы тандаган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Түркиянын Шайлоо кеңешинин башчысы Сади Гювен президенттик шайлоодо эң көп добушту Реджеп Тайип Эрдоган алганын жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Эрдоган: Путин экөөбүздүн окшош жактарыбыз көп
Ал эми 10 пайыздык тосмодон "Адилеттүүлүк жана өнүгүү", "Улуттук кыймыл", "Элдик-республикалык", "Жакшы"жана "Эл демократиясы" партиялары өткөн.

Алдын ала жыйынтыктарга караганда, Эрдоган — 52,5 пайыз добуш алды. Анын негизги атаандашы Мухаррем Индже — 30,7 пайыз, Селахаттин Демирташ — 8,4 пайыз, Мераль Акшенер — 7,3 пайыз, Темель Карамоллаоглу — 0,9 пайыз, Догу Перинчек — 0,2 пайыз добушка ээ болушту.

Эске салсак, кечээ, 24-июнь күнү, Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо болду.