Аким Данир Иманалиев: азыр коом мурдагыдай болуп акимге алданып отуруп калбайт

Кыргызстан эле эмес, дүйнө элинин көз алдында турган Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев менен ат жалында маек курдук.
Sputnik

Мейманыбыз жонуна асынма баштыгын көтөрүп алып интервьюга айтылган убакыттан он беш мүнөт эрте келди. Ар кандай көйгөйлөрдөн чарчап, кол шилтеп басып кетким келгенде иш бөлмөмдүн терезесинен чалкып жаткан көлдү көрүп, баарын унутам деген Данир Иманалиевдин бала чагы, үлгү болгон атасы, жумушу тууралуу сүйлөштүк.

Аким Иссык-Кульского района Данир Иманалиев

— Данир мырза, бир карасаң Ысык-Көл району өнүгүп эле жаткандай, бирок алиге чейин таштанды көйгөйүнөн арыла албай койдук?

— Туура айтасыз, таштанды маселеси ар жыл сайын курч турат. Районубузда калктын саны 89 миңге чукул болгону менен жылына миллионго жакын эс алуучу келип кетет. Колдогу болгон мүмкүнчүлүк менен ошончо адамдын артынан тазалыкты сактап турууга аракет кылабыз, бирок ал да жетишсиз. Жыл сайын жаз келээри менен мугалим, дарыгер, керек болсо милицияга чейин тазалык иштерине тартабыз. Окуучулар, студенттер өздөрү топтолуп алып ыктыярдуу түрдө көлдүн айланасын тазалашат. Ар кайсы ишканалар арасында тазалык жаатында түрдүү акцияларды уюштурабыз. Бишкектен бери ыктыярчылар келип көл жээктерин тазалаганга көмөк көрсөтүп кетишет. Ошого карабай айрым учурларда туристтердин нааразычылыктары болуп калып жатат.

Дагы бир маселе — бир айыл өкмөтү начар иштеп, аймагы тазаланбай жатса жалпы районго сөз тиет. Эс алуучулар бул аймактын айыл өкмөтү ким экен деп отурушпайт да. Ошондой эле ыргытылган акыр-чикирдин 80 пайыздан көбү желим баштык. Эгер таштанды 10-20 күндө чирип жок болсо, полиэтиленге салынганда жылдап чирибей жата берет экен. Ошондуктан биз Жогорку Кеңешке Ысык-Көл аймагына желим баштыктарды киргизүүгө тыюу салуу боюнча сунушубузду бердик. Учурдан пайдаланып жалпы элден да суранып кетээр элем, Ысык-Көл — бардыгыбыздын байлыгыбыз, эс алганы келгенде таза болгонго аракет кылсак.

1 / 2
Аким: аймактарды өнүктүрөбүз десек, акимдердин аброюн көтөрүүбүз зарыл. Азыр коом башка, мурдагыдай кылып эле акимге алданып отуруп калбайт
2 / 2
Иманалиев: бийлик бутактары тепкич-тепкич болуп, ирети менен бири-бирине баш ийип турганы жакшы. Ошондо жоопкерчилик дагы күчөйт

— Аким институтунун аброюн көтөрүү керек деп айтып келесиз, себеби эмнеде? Жергиликтүү бийликтин горизонталдык системада иштөөсү акимдердин колун кыскартып койдубу?

Темир Сариев шаар башчылыгына барабы? Экс-премьер менен ачык маек
— Акимдер өз районунун ханы болуп алды деген сөздөрдөн кийин башкаруу системасы өзгөртүлгөн. Тилекке каршы, эл мурда бир акимдин азабын тартып келсе, эми жергиликтүү кеңештин алты депутатынын каалоосу менен жашап калды. Өз тажрыйбамдан алып айта алам, азыр айыл өкмөттөрү өзүнүн бюджетиндеги акчадан жумшап бир нерсе куруудан, бир нерсе жасагандан коркуп калышты. Анткени ал ошол алты депутатка жакпай калышы мүмкүн. Анда эле иштин бүткөнү, каралап, жоктон барды токуп айтып отуруп акыры ошол айыл өкмөт ишинен кетип тынат. Мындай система, тескерисинче, коррупцияга жол ачарына күбө болуп жатабыз. Азыр айыл өкмөттөрүнө аким эч нерсе дей албайт. Ал туура саясат жүргүзүп жатабы, жокпу баары бир, бирок бир нерсе туура болбой калган убакта "эмнеге сенин районуңда мындай" деп жообун акимден сурашат. Эгер биз аймактарды өнүктүрөбүз десек, акимдердин аброюн көтөрүүбүз зарыл. Азыр коом башка, мурдагыдай болуп эле акимге алданып отуруп калбайт. Элибиз баарын ачыктап, баарын тактап, аким эмес, андан чоңдордун отчетун алып турган деңгээлге жетти. Биз күчтүү мамлекет курабыз десек алгач аймактардагы башкаруу системасын жолго салышыбыз керек. Бийлик бутактары тепкич-тепкич болуп, ирети менен бири-бирине баш ийип турганы жакшы. Ошондо жоопкерчилик дагы күчөйт.

— Маегибизди сиздин балалыгыңызга бурсак…

— Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында төрөлгөм, бирок атамдын кызматына байланыштуу Каракол шаарында чоңойдум. Лидерлик сапаттарым ошондо эле болсо керек анткени, ар жылы класском болоор элем. Апам күрмөмдүн жеңине жылдыз тигип берчү. Октябрятка өтүп, кийин өз курдаштарымдын арасында алгачкылардан болуп пионердик кызыл жагоо тагынып, анда отряддар болчу эле, отряддар кеңешинин жетекчиси болуп, май майрамдарында параддан басып, айтор, жакшы окучумун. Бирок тентек элем болчу. Ал убакта атам райОНО андан соң облОНО (билим берүү министрлигинин облустук бөлүм башчысы — ред.) болуп иштечү. Андыктан, менин жаман окууга акым дагы жок эле. Азыр ойлосом, атам үчүн да бул чоң сыймык болчу экен. Үйгө конок келгенде эле "балам, күндөлүгүңдү алып чыкчы" деп менин алган бааларымды досторуна көрсөтүп калчу. Алар мактап койсо, мен ансайын жакшы окугум келчү. Азыр өзүмдүн балдарыма салыштырам. Деле түшүнбөй койдум. Берилген тапшырманы аткардың, жазып бардың, айтып бердиң, анын эмнеси кыйын деп урушам. Балдарың да ар түрдүү болот экен. Бири жакшы окуганыңды тартса, бири тентектигиңди гана тартып дегендей.

Аким Иссык-Кульского района Данир Иманалиев

— Мамлекеттик кызматка атаңыздын жолун улап келип калдыңызбы же кыялыңыз беле?

— Биз заман алмашкан убакта мектепти аяктап калдык. Кыйын учурда студент болдук. Өзүм так илимдерге жакын болгонум менен БГУнун англис тили факультетин бүтүрдүм. Бул менин тандоом эле. Кыялымда чет тилдерин үйрөнүп, бизнесмен болуп, дүйнө кыдырсам дечүмүн. Ушундай тилегим менен Бишкектен бир чакан бизнес ачып, борбордо калууну пландаштырып жүргөн кезимде айылдык кеңешке шайлоо болуп калды. Айылдаш жигердүү жаштар менен чогуу барып талапкерлигимди коюп, өтүп кеттим. Ошентип Кара-Ой айылдык кеңешинде депутат болуп калдым.

Интеллигенция, Жээнбеков жана небере тууралуу. Роза Отунбаева менен маек
Көлдө жайкысын баары бизнес менен алектенет эмеспи. Мен да эл катары күнүнө 700-800 сом таап иштечүмүн. Анан бул жерде мамлекеттик кызматтан алган айлыгымды беш күндө табам, эмне кереги бар деп ойлочумун. Бирок атамдын күндө "көйнөгүм даярбы, галстугум кана", "бүгүн коллегия болот, борборго барам" деген сөздөрү, кечинде келгенде тамак үстүндө апам экөөнүн ар кайсыны талкуулагандары кулагыма сиңип калган экен. Байкалбай эле мен да бул чөйрөгө тартылып кеттим. Алгач айыл өкмөтү, андан соң акимдин биринчи орун басары болдум.

Азыр бир кезде бизнеске чогуу кирген досторум бараандуу ишкер болушту. Дүйнө кыдырып эс алып, ошондогу кыялдарыбызга жетип жүрүшөт. Жолукканда "тажаган жоксуңбу" деп сурап калышат. Албетте, алардын хан сарайдай болгон үйлөрүн, жол тандабастарын көргөндө көзүң күйөт, бирок элдин бир көйгөйүн чече турган маселени бүтүрсөң же бир бала бакча тургузсаң, ошол жерден балдардын күлкүсү чыгып, айылдын ак пейилдүү адамдарынын маңдайы жарыла кубанганын көргөнүңдө чыныгы бакыттын даамын сезесиң.