Кашкар Жунушалиев Москвада кыргыз таксист сүзгөн бейтаптарды көрдү. Сүрөт

Бейтаптар менен жолуккан Жунушалиев болгон окуяга катуу өкүнөрүн айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен 16-июнда Москва шаарында жол кырсыгынан жабыркаган жарандарды барып көрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

1 / 3
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен 16-июнда Москва шаарында жол кырсыгынан жабыркаган жарандарды барып көрдү
2 / 3
Бейтаптар менен жолуккан Жунушалиев болгон окуяга катуу өкүнөрүн айтты
3 / 3
Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Россияга болчу жумушчу сапарынын алкагында жабыркаган жарандарды барып көрүп, аларды Кыргызстанга эс алууга жана ден соолугун чыңдап кетүүгө чакырууну милдеттендирген.

Бейтаптар менен жолуккан Жунушалиев болгон окуяга катуу өкүнөрүн айтты. 

"Сиздерге тез арада сакайып чыгууну каалап, өзүңүздөр үчүн ыңгайлуу убакытта Кыргызстанга эс алып кетүүгө чакырабыз. Дүйнөдөгү бийик тоолуу көлдөрдүн бири – Ысык-Көлдө сиздер эс алып гана эмес, күч-кубат топтоп, жаңы досторду табасыздар деп ишенем", — деди ал.

Элчилик Чыңгыз Анарбек уулуна чыккан өкүм боюнча шаардык сотко даттанат
Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Россияга болчу жумушчу сапарынын алкагында жабыркаган жарандарды барып көрүп, аларды Кыргызстанга эс алууга жана ден соолугун чыңдап кетүүгө чакырууну милдеттендирген.

Эскерте кетсек, 16-июнь күнү такси кызматынын айдоочусу жөө адамдарды коюп кеткен. Кийинчерээк ал Кыргызстандын жараны Чыңгыз Анарбек уулу экени аныкталган.