УКМК Кулматовго козголгон дагы бир иштин чоо-жайын айтты

Кубанычбек Кулматов Кылмыш жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча айыпталып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго карата дагы бир кылмыш иши козголгонун маалымдады.

Билдирмеге караганда, кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткен паспортту колдонуу фактысы боюнча козголду.

"Кубанычбек Кулматов 1995-жылдын 11-октябрында СССРдин жараны катары алган паспортун жоготуп алганына байланыштуу Россиянын паспортун алып, ошол өлкөнүн жарандыгына ээ болгон. Кийин 1996-жылдын 26-ноябрында Россиянын жараны болуп туруп өзүнүн СССР учурунда алган документин (жоготуп алдым деген паспортун) колдонуп Кыргызстандан дагы мыйзамсыз негизде паспорт жасатып алган. Документ Биринчи Май райондук паспорттук столдон берилген",— деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Кулматов 2001, 2003 жана 2013-жылдары бир нече жолу паспортунун маалыматтарын алмаштырганы аныкталган.

"Ошентип Кубанычбек Кулматов паспорттук столдун кызматкерлерин алдап мыйзамсыз негизде 1996-жылы Кыргызстандын паспортун алып алган. Ошол эле учурда Россиянын дагы жараны болуп турган", — деп маалыматта белгиленген.

Атамбаев Исаков менен Кулматовдун камалышы боюнча саясий билдирүү жасады
Мындан улам 2018-жылдын 14-июнунда УКМК Кубанычбек Кулматов менен дагы башка адамдарга карата Кылмыш жаза кодексинин 350-беренесинин 2-бөлүгү (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамп, печаттарды жасалмалоо) жана 346-берененин 1-бөлүгү (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча иш козгоду.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Эске сала кетсек, 18-майда Кулматовго карата коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен 5-июнда тергөө аяктаганга чейин камакка алынган. Ал эми бүгүн, 18-июнда Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.