Шаардык сот Сапар Исаковду камакта калтырды. Сот имаратынан видео

Исаков кыргыз өкмөтүн 8 айга чукул жетектеген.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бишкек шаардык соту мурунку премьер-министр Сапар Исаковду камакта калтыруу чечимин кабыл алды.

Исаковду колдоп 40-50дөй киши келген. Алардын арасында депутаттар Мадеминов, Кодуранова жана Исаковдун жардамчысы Гүлнур Төралиева бар. Ошондой эле Исаковдун туугандары — апасы да келген.

Сот иши жабык эшик артында каралды. 

Бишкек шаардык сотунда Сапар Исаковдун иши каралууда. Видео

Мэр Албек Ибраимов УКМКда сурак берип жатат
Эске салсак, 5-июнда мурдагы премьер Сапар Исаков Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө амалдары аяктаганга чейин камакка алынган. Ал "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тараткан расмий билдирүүсүнө ылайык,Сапар Исаков 2013-жылы президенттин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Ал адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттер аркылуу подрядчыны тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.