Депутат Осмонбек Артыкбаевдин баш коргоо чарасы тандалды

Эл өкүлү "коррупция" беренеси боюнча айыпталып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаевдин баш коргоо чарасы тандалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Атамбаев Исаков менен Кулматовдун камалышы боюнча саясий билдирүү жасады
Билдирмеге караганда, Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын убактылуу кармоочу жайында тергөө аягына чейин кармоо жөнүндө баш коргоо чарасы тандалган.

Эл өкүлү буга чейин тагыраагы, 6-июнда УКМКнын тергөө абагына камакка алынган болчу.

Эскерте кетсек, 5-июнда Башкы прокуратура Артыкбаевге Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоорунун алкагында Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш ишин козгогон. Андан соң ишти УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүп берген.