Аскарбек Шадиевдин кайда экени парламентте талкуу жаратты

Учурда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2017-жылы жасалган иштер боюнча отчет берүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурордун отчету каралып жаткан учурда мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев учурда кайда экенин сурап кызыкты.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бул суроону УКМКнын өкүлүнө берүү керектигин айтты.

Ал эми УКМКнын өкүлү чек ара кызматынын маалыматы боюнча Шадиев Кыргызстандын аймагынан чыкпаганын билдирди. Ал ошондой эле Шадиев 28-апрелде козголгон кылмыш иши боюнча чакырылып иш менен таанышканын, бирок жаңы козголгон кылмыш иши боюнча суракка келе электигин айтты.

КРде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делип канча киши каттоодо экени айтылды
Белгилей кетсек, буга чейин Шадиевдин чет өлкөгө жүрөгүнө операция жасатуу үчүн чыгып кеткени кабарланган болчу.

Апрель айынын соңунда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты, мурунку биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевге карата Кылмыш жаза кодексинин "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Депутат Момбеков өз сөзүндө бүгүн башкы прокурордун эмес, башка прокурордун отчету угулуп жатканына токтолду.

Белгилей кетсек, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ушул жылдын апрель айынын аягында аталган кызматка дайындалган.