Тарых музейин оңдогон ишкананын директору баалар эмнеге кымбат болгонун айтты

Музейдин ичин реконструкциялоого мамлекеттен 23 миллион доллар бөлүнгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Борбор калаадагы тарых музейин реканструкциялоодо акыркы үлгүдөгү заманбап материалдар чет өлкөдөн алынгандыктан кымбатка түштү. Бул туурасында оңдоо иштерин аткарган "СМУ-3" ишканасынын директору Айдарбек Мендеев билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн 25-майда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча көчмө жыйынга келишкен.

"Биз оңдоо иштерин 2017-жылы май айында баштаганбыз. Азыр аяктоо алдында турабыз, бир аз гана жумуштар калды. Курулуш, монтаждоо жумуштарынын бардыгы 2016-жылы кабыл алынган сметалык баалар менен аткарылды. Материалдар Россия менен Казакстандан алып келинген. Мисалы мрамор таштары Ирандан алынган. Андан тышкары, жылуулук, желдетүүчү системалары жана өрт коопсуздугу боюнча сигнализациялар заман талабына ылайык келген акыркы үлгүдөгүлөрү коюлду. Ошондуктан баасы бир аз жогору көрсөтүлгөн. Мындайча айтканда акылдуу мекеме же акылдуу үй дейбизби ошол программа менен иштер жасалган", — деди Мендеев.

Оңдоп-түзөөдөн өткөн Тарых музейинин алгачкы сүрөттөрү
Эл өкүлү Каныбек Иманалиевдин айтымында, түркиялык компания музейдин ички реконструкциясын 10 миллион долларга баалаган. Бирок алардан баш тартып мамлекет өзү 23 миллион долларга курмай болгон.

Түркиялык компания сунуштаган долбоор менен азыркынын айырмасы эмнеде деген суроого "СМУ-3" ишканасынын жетекчиси алгачкы долбоор менен тааныш эместигин билдирди.