Майып баланын энеси: уулумду өзүм менен тиги дүйнөгө алып кетким келет

Жалгыз бой эне Жыпаркүл Акматованын 11 жаштагы уулу тубаса шал оорусунан (ДЦП) жапа чегет. Ажаткана тазалап күн кечирген эненин эң корккону — дабасы жок дарт менен ооруган уулунун келечеги.
Sputnik

42 жаштагы Жыпаркүл Акматованын жолдошу жети жыл мурда ашказан рагынан каза болгон. Ал ошондон бери шалга чалдыккан баласын жалгыз багат. Акматова айына тапкан каражатынын дээрлик баарын баласынын керектөөсүнө жумшайт. Sputnik Кыргызстан агенттиги оор турмушка кабылган аял менен жолугуп, анын жашоосу жана көйгөйлөрү тууралуу маектешти.

— Балаңыз бул дартка качан кабылды эле?

Паралимпиадачы Эсен Калиев: тагдыр экен, уулумду жалгыз тарбиялайм
— Кош бойлуу кезимде медициналык текшерүүнүн баарынан өттүм эле. Анда баары жайында деген жыйынтык чыккан болчу. Ага чейин эки уулум оорукчан болуп төрөлүп чарчап калышкан. Бирок андан соң кыздуу болгом. Ал ден соолугу чың төрөлүп, турмушка чыгып, азыр өзүнчө түтүн булатып келе жатат. Бирок тагдыр экен, канчалык текшерүүдөн өтсөм дагы бул уулум тубаса шал оорусу менен төрөлүп калды. Анысы аз келгенсип, бат-баттан талмасы да кармап калат. Негизи эле шал оорусу барларды айыкпайт деп ооруканага да алышпайт экен.

— Бул ооруга чалдыккандар баса албайт. Уулуңуздун азыр абалы кандай?

— Ооба, бул ооруга чалдыккандар кыймылын көзөмөлдөй алышпайт, акыл-эси да жакшы өрчүбөйт. Уулум ушул оорунун айынан таңдайы жок төрөлгөн. Төрт жашында бир нерсени кармап кичине өз алдынча жылып баштаган болчу. Бирок бешке чыкканда талмасы кармап катуу жыгылган. Анын айынан жамбашы сынып операция кылдырганбыз. Ошол операциядан кийин бириктирилген сөөк убакыт өткөн сайын чирий баштаган экен. Андан улам сөөктө шишик пайда болуптур. Үч ай мурда шишикти алдыруу үчүн дагы бир жолу операция кылдыргам. Эми гипсти алдыргандан кийин басабы же биротоло баспай калабы, билбейм. Азыр башын гана көтөргөнү болбосо, жатат. Дубалга жөлөнүп отуруп же томолонуп жылганга аз да болсо күчү жетет. 

Мать-одиночка Жыпаркул Акматова, воспитывающая ребенка с ДЦП

— Өзүңүздүн турмушуңуз оор болсо, операцияга каражатты кантип таптыңыз?

— Операцияга акчанын бир бөлүгүн туугандарым беришти. Калганын өзүм насыяга алдым. Эми аны кайра төгүү түйшүгү бар. Бирок каныңдан жаралган бала үчүн бардыгына даяр болот экенсиң. Негизи эле тапкан акчамдын баары балама кетет. Дарыларды Россиядан алдырам. Өзү ажатканага бара албагандыктан күнүнө эки-үч памперс алмаштырам. Ага эле бир кыйла акча сарпталат.

— 11 жылдан бери оорукчан баланы жалгыз багуу кыйын болсо керек?

Көзү азиз Жакшылык: бизди көргөндө качпагылачы...
— Жалгыз бой эне үчүн дени сак баланы багуу деле кыйын болсо керек, оорукчан болсо түйшүгү эки эсе оор.  Балаңды кантип бакпай коюсуң. Мындай дарт менен ооруган балдар ар дайым көзөмөлдө болушу керек. Себеби отурган жеринен эле жыгылып түшөт же көрүнгөн нерсени кармай берет. Жана айткандай талмабыз да тез-тез кармап калат. Ошого ар дайым көз алдыбызда болуп турушу керек. Түнү уктап жатканда да тырс деген үн чыкса ойгоно калам. Азыр катуу кыйналсам да күчүмдө турган мезгилим. Бирок менин да, уулумдун да жашы өтүп жатат. Карыган сайын алдан тайып баштайт экенсиң. Азыр уулумду жонума көтөрүп жүрүү кыйын болуп калды. Өзүм шаардагы кесиптик лицейлердин биринин жатаканасынын 5-кабатында турам. Сыртка чыгуу үчүн тепкичтен баламды жана коляскасын көтөрүп түшүүм керек. Эгерде жакын арада студенттер болуп калса алар жардам беришет. Сыртка чыгып алгандан кийин кайра 5-кабатка чыгуу өтө кыйын. Жардам бере турган эч ким жок болуп калса короодо бирөө-жарым келгиче күтүп отура берем. Шаарда да көп жерге бара албайбыз.

— Жашооңузга каражатты кайдан табасыз?

— Өзүм жашаган лицейдин жатаканасынын ажатканаларын жууйм. Ал жактан алган 3 500 сомдук айлыгымы ушул эле жердеги бөлмө үчүн берем. Ошондуктан бул жерде айлык албай, батир үчүн иштейм десем туура болот. Бул жерде иштегендин мага пайдасы аябай чоң. Себеби азыр батирлердин ижарасы 10 миң сомдун тегерегинде. Менде андай акча жок. Андан сырткары, майып бала менен батирлер да бериле бербейт. Жатакана да жайкы каникул убагында эки айга жабылып, ремонттон өтөт. Жай келгенде эле корко баштайбыз. Бул убакыт ичинде жашап турганга башка жер табышым керек. Азыр кайда барарымды билбей башым маң. Майып бала менен бирөөлөрдүн үйүнө кирүүдөн да тартынат экенсиң. Туугандардын да өзүнүн жашоосу бар. Аларга ар дайым жардам бер деп бара берген да туура эмес. Кошумча тапкан акчаларым батир эмес, күнүмдүк тиричиликтен ашпайт. Уулума мамлекет тарабынан айына үч миң сом акча бөлүнөт. Андан сырткары, дагы бир жерде тазалык кызматкеримин. Бирок каражаттын баары жана айткандай памперске же дарыга кетет. Бул жерде мени менен чогуу дагы бир курбум жашайт. Анын да баласы меникине окшоп майып, шалга чалдыккан. Экөөбүздүн бирибиз жумушка кеткенде, экинчибиз балдарды карайбыз. Ошентип бири-бирибизге тирек болуп келе жатабыз. 

Мать-одиночка Жыпаркул Акматова, воспитывающая ребенка с ДЦП

— Балаңыздын келечегин ойлоп кабатырлансаңыз керек?

— Жашоодогу эң корккон нерсем мен өлгөндөн кийин баламдын тагдыры эмне болот деген ой. Ким жардам берет? Мен го эне катары баарына чыдайм. Менчилеп аны ким карамак эле? Кээде абдан коркунучтуу ойлор келет. Мен жок болсом баламдын кыйналарын билем. Андыктан өзүм менен кошо баламды да тиги дүйнөгө ала кетсемби деп ойлоп кетем.

— Кандай тилегиңиз бар?

— Бир эле тамым болгондо баары жакшы болмок. Себеби, аны балама жаздырып коймокмун. Кийин бирөөгө баламды таштаарда ошол үй менен кошо таштамакмын. Ал баламды карап да, үйдө да жашай бермек. Мен үчүн да, баламды караган адам үчүн да жакшы болмок. Бул менин ңки көзүм төрт болгон тилегим. Бирок тамга эмес, каражатыбыз тамакка араң жетип турган учур.