Тоң районунан 185 үй-бүлө балага сүйүнчү пул алды

Буга чейин жөлөк пул алуу үчүн ата-энелер бир топ документ чогултуп келсе, эми анын жолу да жеңилдетилүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тоң районунан жыл башынан бери 185 үй-бүлө балага сүйүнчү пул алды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, министр Таалайкүл Исакунова Тоң районунда балага сүйүнчү пул берүү долбоорунун ишке ашып жатканын көзөмөлдөп, ар бир эне жөлөк пулду тоскоолдуксуз алуусу керектигин белгилеп кеткен.

Ымыркайга сүйүнчү пул качан жана кантип берилет? Министрлик жол-жобосун айтты
Эске салсак, 2018-жылдын 1-январынан тарта "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамдын "балага сүйүнчү" пункту ишке кирип, бардык ымыркайга 4000 сом өлчөмүндө акча бериле баштаган.

Буга чейин жөлөк пул алуу үчүн ата-энелер бир топ документ чогултуп келсе, эми анын жолу да жеңилдетилүүдө.

Эл өкүлдөрү Аида Касымалиева менен Карамат Орозова тарабынан демилгеленген "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамдын "балага жөлөк" жана "үй-бүлөгө көмөк" бөлүмдөрү учурда Жогорку Кеңеш тарабынан кайрадан каралып жатат.