Бүгүн Жогорку сотто Аида Салянованын иши каралбай калды

Экс-депутат Аида Салянованын архивдик сүрөтү
Буга чейинки эки инстанция тең Салянова Елисеевдин лицензиясын мыйзамсыз калыбына келтирип берген деп өкүм чыгарган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Бүгүн Жогорку сотто саат 11:30га белгиленген экс-депутат Аида Салянованын иши каралбай калды.

Сот коллегиясы чогулуп жыйындар залына киргенден кийин Салянованын адвокаты Чынара Жакупбекова ооруп калганын анын жардамчысы билдирди.

Ошентип соттун кийинки отуруму 8-майга саат 14:00гө белгиленди.

Статуя богини правосудия Фемиды в здании суда во Франции
Райым Матраимов менен өкмөттүн соту кийинкиге жылды
Аида Салянованын соту алгач Ленин райондук сотунда каралып, мүлкүн камакка алуу менен беш жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бирок депутаттын 2015-жылы төрөлгөн баласы 14 жашка чыкканча чечимдин мөөнөтү жылдырылган. Кийин шаардык сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган болчу.

Эскерте кетсек, экс-депутат юстиция министри болуп турган кезде Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып калыбына келтирип берген деп айыпталууда.