Карыштабайт, кытыгылабайт! Тили чыга элек балага карата 8 "болбойт"

Жаңы төрөлгөн наристе буту басып, тили чыгып калганга чейин аны бөтөн көздөн, жаман сөздөн сактоо үчүн кыргыз эли түрдүү ырым-жырымдарды колдонуп келген. Ал тургай ата-эне ымыркайын эзилип жакшы көргөн эмес. Болбосо алардын мээрими түшкөн бала да ооруп калышы ыктымал деген ишеним жашаган.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги этнограф Динара Молдокулованын көмөгү менен бул ирет тили чыга элек балага карата болбой турган элдик тыюуларды тизмектейт.

Тили чыга элек баланы күзгүгө көрсөтпөйт. Ымыркайдын тили чыкпай же кеч чыгып калат деп айтылып жүрөт.

Таманынан өппөйт. Бала кежир же жалкоо болуп калышы мүмкүн делет. Ошондой эле айылчы болуп өсүп, жумшаган жакка эмес, тескери басып калат деген элдик тыюу бар.

Балага ойдон чыгарып жомок айтып берсе болобу? Аман Кармышаков менен маек
Көтөнүнөн өппөйт. Атасы кыз баланы ымыркай кезинде көтөнүнөн өппөйт. Кийин кызы бактысыз, ырысы кем болуп калат деген түшүнүк жашаган.

Жашын так айтпайт. Жаңы төрөлгөн баланын айын же жашын башкаларга кемитип же көбөйтүп айтышкан. Мурун кыргыздар, казактар балдарынын, малынын санын да так айткан эмес. Мындай ырым көз тийүүдөн сактоо максатында жасалган.

Караңгыда атынан айтпайт. "Түнкүсүн албарсты угуп калат" деп баланы атынан айтпай, "алдей", "бала" же башка сөздөр менен аташкан.

Кытыгылабайт. Тили чыга элек баланы кытыгыласа түнү менен ыйлап чыгат деп коюшкан.

Кийимин караңгыга калтырбайт. Эл арасында караңгыда калган баланын кийимдерин шайтан аралап, ал наристени тынч уктатпай кыйнайт деген ишеним жашаган.

Боюн колу менен карыштабайт. Ошондой эле салмагын ченебейт, "татынакай" деп баа берген да болбойт.